Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуАламүдүн району 08.02.2019 17:21 Жаңыланды: 08.02.2019 18:27 На русском

«Күйөө балам аркамдан жабышып, кармалап...»: Аламүдүндө жакынын өлтүргөн аял 11 жылга кесилди

Turmush -  Чүй облустук соту Жанна (аты өзгөртүлдү, С.Ж.Н.) аттуу айымга козголгон кылмыш иши боюнча өз чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Буга чейин Аламүдүн райондук соту Жаннаны күйөө баласын өлтүргөнү үчүн күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле жазасын соттолгон аялдар үчүн күчөтүлгөн режимдеги абакта өтөөсү белгиленген.

Айыпталуучу 2018-жылдын 27-февралында күйөө баласы Виталийди (аты өзгөртүлдү, З.В.Р.) бычак менен 2 жолу сайган. Окуя Аламүдүн районунда Жаннанын өз үйүндө болгон. Ал күнү Жанна кызы Александра (аты өзгөртүлдү, С.А.С.) жана күйөө баласы Виталий менен алкоголдук ичимдиктерди ичишкен. Кызы Александра уктап калгандан кийин, саат 23:50 чамасында Жанна күйөө баласы уят сөздөр менен сөккөндүгү үчүн (айыпталуучуну) колуна бычак алып, 2 жолу анын (Виталийди) көкүрөк тушуна сайган. Виталий окуя болгон жерден көз жумган.

Айыпталуучунун айтымында, 2018-жылдын 27-февралында анын кызы күйөөсү менен бирге түшкө маал үйүнө өрүлүктөп келишкен. Дасторкон камдашып, жакшынакай отурушкан. Андан кийин коноктор (күйөө баласы менен кызы) кетип, ал өз иштери менен алек болуп үйүндө калган. Кечинде кызы жана күйөө баласы кайра келген. Алар өздөрү менен бирге коньяк, 2 бөтөлкө сыра ала келишкен. Жаннанын үйүндө дагы арак бар болгон.

Алар тамактанышып жана спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Жанна сыра ичкен. Күйөө баласы дагы ичип, андан тышкары наркотикалык каражаттарды колдонгон.

«Ал жаман адам эмес болчу. Кызым экөө бири-бирин жакшы көрүшчү. Виталий соо кезинде аябай тынч адам. Бирок мас кезинде түшүнүксүз абалда болчу. Тийишип, агрессивдүү болуп калчу. Кызым уктаганы кеткенден кийин мен дасторконду жыйнаганы калгам. Виталий бир нерсе деп сүйлөнүп, сөгүнүп отурган. Мен ага укта деп айткам. Бир маалда эңкейсем аркамдан келип жабышып, кармалап, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасай (имитациялоо) баштады. Бул кордоо болчу, мен аны дароо түртүп, «эмне кылып жатасың? Кызым менен жашайсың» дедим. Аны түрткөнүм эсимде. Дасторконду жыйнап жатканда колумда вилка, бычак, чыны бар болчу. Бычак оң колумда эле. Ал учур мен үчүн кандай кемсинтүү болгонун сөз менен айтып бере албайм. Канча жолу түрткөнүм эсимде жок. Анын өлгөнүн түшүнгөн жокмун. Дасторконду жыйнаганымды уланттым. Бир маалда кызым келип кыйкырып, жасалма түрдө дем алдырып жатты. Мен эмне болгонун түшүнбөй карап турдум. Кызым тез жардамга чал деди. Мен тез жардамга, милицияга телефон чалып, анын туугандарына дагы чала баштадым», - деди айыпталуучу.

Андан тышкары ал тергөөчүнүн бөлмөсүндө отурганда опер кызматкери калың китеп менен аны башка чапканын, башка кызматкер: «Аны эмне чаап жатасың? Ал баарын өзү эле айтып берет» дегенин билдирди. Андан кийин анын мас абалын текшерүү үчүн доктурга алып барышкан. Текшерүү учурунда башы эмне үчүн көк ала болгонун сураган. Ал дароо китеп менен башына чапкылашканын айткан.

Жыйынтыгында Чүй облустук соту райондук соттун чечимин эч өзгөртүүсүз калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×