Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусу, Кара-Балта 08.02.2019 09:42

Жаш талант: Кыялында Айда жашаган Алан «Лумавен» кемесин ойлоп тапты (сүрөт)

Turmush -  12 жаштагы Алан Абдыжапаров Кара-Балта шаарындагы №11 орто мектептин 5-классынын окуучусу. Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектепте билим алып, орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөп, ой жүгүртүүсүн фантазиялап, түрдүү ойлорго батат. Өзгөчө, кыялында Айда жашап, анын макетин жасап, илим жана техника жумалыгына катышып, өзүнүн ойлоп табуучулугун сыймыктана сөз кылат. Анын чыгармачылык саамалыгы менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, «Лумавен» макетин 15 күндө жасаган. Ага чейин эле кыялында анын элесин жаратып, көз алдына жалпы түзүмүн (структурасын) чагылдырып жүргөн.

«Негедир “Лумавен” макетин жасоо идеясы көптөн бери жанымда жашады. Кайда жүрсөм да анын жалпы көрүнүшү көз алдыма тартыла берди. Бир күнү атам Турдалыга оюнда жүргөндөрдүн баарын айттым. Атам ойлоно түштү да “туура, уулум! Ойлоп табуучулук жөндөм-шыгың ойгонгон шекилдүү. Айда да жашап көрөлүчү. Эң оболу кагазга элесин түшүр” деп сумкасынан актай баракты сунду. Атам өзү өнөр кадырлаган адам. Ал балдардын чыгармачылык үйүндө мендей жаштарды искусство дүйнөсүнө саякаттатат. Баса, ошентип колума калем алып, кыялымды кагазга сөз менен эмес, сүрөттөр менен түшүрө баштадым. Менимче, 2-3 күн сүрөтүн тарттым окшойт. Мындай аракетимди байкап жүргөн апам Рахима акырын башымдан сылап, бетимден сүйүп, өз эркиме жөн койгон», - деди ал.

Өзүнүн алгачкы ойлоп табуучулук эмгегине өтө суктанат. Электр тогуна туташтырып, кыймылга келген элементтерин түшүндүргүчө шашат. Чоң кишидей ар биринин иштөө механизмдерин, бири-бири менен удаалаш тутумдаш экенине токтолот. Физика жөнүндө түшүнүгү аз болсо да андагы терминдерди колдонуп сүйлөгөнгө аракеттенет. «Лумавенин» столдун үстүнө коюп, электр тогуна туташтырып, бал тилдүү балалык сөздөрү менен мындай дейт.

«Көрдүңүзбү, байке. Мына, электр тогуна туташтырылды. Бул макет – Айдын ичиндеги жашоо. Антенна жер менен байланышып, андагы кабарды Айга берет. Тиги Лумавен – учуучу кеме. Ал жерге барып, түрдүү тамак-аш азыктарын, жашылча-жемиш үрөнүн, техникалык тетиктерди Айга ташыйт. Ал башкаруу системасы менен жүзөгө ашырылат. Тиги турган – суу сактагыч. Ал эми жанындагы жер тилкелери. Ага айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрөбүз, өндүрөбүз. Ал эми мында турган күнөскана. Ошондой эле Айдагы тоолор күндөн жылуулук алып туруучу фанелдер. Бургулоо аппараты. Телескоп – башка планеталарга көз салабыз. Жердеги жердештерибиздин жашоо шарттарын карап турабыз. Ушундай менин эмгегим. Менин эмгегимдин жаралышына атамдын да салымы бар. Бирок биринчи мен ойлоп таптым да. Кыялымда Айда жашап жүрөм» - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×