Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуЫсык-Ата району 08.02.2019 08:32 На русском

Ысык-Атада түнкүсүн үйүнөн чыгып кеткен 2 баланын энеси изделүүдө (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон эки баланын энеси изделүүдө.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2019-жылдын 17-январында Новопокровка айылынын 1987-жылы туулган тургуну С.А. Ысык-Ата РИИБге арыз менен кайрылып, анын дайынсыз болуп жаткан 1987-жылы туулган жубайы Славская Олеся Фаритовнаны табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн.

Милициянын маалыматына караганда, С.Олеся 15-январда саат 02:00 чамасында үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып барган эмес. Аталган факт боюнча тергөө-оперативдүү тобу тааныштарынан сурап чыгышкан. Алар Олесяны 16-январда үйүнүн жанынан саат 16:00 чамасында көрүшкөнүн айтышкан.

Маалым болгондой, дайынсыз болгон аял көрсөтүлгөн даректе жолдошу жана эки өспүрүм баласы менен жашагандыгы аныкталган. Ал бир нече жолу ушинтип кетип калып, бирок кайтып келген болчу.

Учурда милиция кызматкерлери анын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Буга байланыштуу Чүй ОИИБ Славская Олеся Фаритовнанын жүргөн жерин билгендер болсо (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, номурлары аркылуу ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, (0312) 61-69-07, (0332) 5-21-47 номурлары аркылуу Ысык-Ата РИИБге кабарлап коюуну өтүнүшөт.

Өзгөчө белгилери: бою 153-155 см, чачы кара, курсагында операциядан кийин калган тагы бар.

Кийген кийимдери: көк түстөгү халат, бутунда гүлдүү көлөш, күрөң түстөгү күрмө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×