Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуЖайыл району 08.02.2019 09:11 На русском

Сүрөт — 320 килограммдык «дөө». Жайылдагы аңчылардын рекорддук олжосу

Атылган каман
Атылган каман

Turmush -  Бир нече жыл мурун Чүй облусунун Жайыл районундагы Турук капчыгайында мергенчилер тарабынан эң чоң каман атылган. Анын салмагы 320 кг болуп, 1950-жылдан бери мергенчилердин колуна түшкөн эң чоң каман катары саналып калган. Ага чейин 1970-жылдары Панфилов районунун Талды-Булак капчыгайында 280 кг салмактагы каман атылган болчу.

Turmush басылмасынын кабарчысы каманды колго түшүргөн мергенчилердин бири — Кара-Балта шаарынын тургуну Денис Гребенев менен маектешти.

- Аңчылык менен канчадан бери олуттуу түрдө алектенип келесиз?

- Дээрлик өмүр бою. Алгач 10 жашымда колума мылтык алып, атам менен бөдөнө уулоого баргам. Биринчи бөдөнөмдү атканда аябай сүйүнүп, аңчылыктан күчтүү таасир алгам. Ошондон бери майда тыныгуулар менен 20 жылдан ашык аң уулоого чыгып келем. Өрдөккө болобу, каманга болобу, мергенчилик кылганды жакшы көрөм.

- Ушул жылдар аралыгында канча каман атууга жетиштиңиз?

- Аңчылыкка чыгып баштаганымдан бери он бештей каман аттым. Негизи ар бир сезондо 1-2 каман атабыз. Бирок бир дагы каман ата албай калган мезгилдер болгон.

- Эмне үчүн сиз айбанаттардын ичинен каманга аңчылык кылууну жакшы көрөсүз?

- Анткени, каманга аң уулоо татаал жана кызыктуу. Кичинекей болобу, чоң болобу, кандай гана каман болбосун колго жөн эле түшүп бербейт. Бул жырткыч аябай сак, акылдуу жана митаам болот. Негизинен түнкү маалда тамактанууга чыгат. Жашыл бадалдарга бай тоо капчыгайларында жашайт. Кээде бир каманды атыш үчүн бир эле жерде бир нече жыл аңчылык кылууга туура келет. Бул жырткыч колго жөн эле түшүп бербейт. Ар бир камандын жеке мүнөзү бар. Ошондуктан өзүңдү чыдамкай жана чечкиндүү болууга тарбиялашың керек. Сайы бар мылтык менен атуу жөндөмүңдү өркүндөтүш керек. А түгүл дүрбүнү колдонуунун өзүнчө майда-чүйдө эрежелери бар. Дүрбүнү туура ырастап колдоно албай калсаң эч нерсени көрбөй каласың. Айрыкча тоолордо жана күүгүм маалда. Жыйынтыгында аңчылык дагы кыла албай каласың.

Каманга ар кандай ыкмалар менен аңчылык кылса болот. Мисалы, атууга даярданып турган мергенчилер жакка камандарды кууп, иттер менен жана туз коюп аңдып туруу керек. Бирок «олжолуу» аңчылыктан өткөн кызыктуу, сонун нерсе жок! Өзүн мергенчимин деп айтып жүргөндөрдүн ар бири көксөгөн «олжосун» — каманды атсам деп кыялданат. Анан, албетте ал каман башкалардан ашып түшүп, эң чоң болушун каалайт.

- Силер кантип аң уулоого чыгасыз?

- Алгач аңчылык коомунан лицензия алабыз. Аңчылык кылып жүрүп камандар биздин тоолордун кайсы, кандай жерлеринде байырлай тургандыгын жакшы билебиз. Биздин тоолордун камандары тамак издеп дайыма жер которуп турушат. Суткасына 20 чакырым аралыкты басып өтсө дагы, көнгөн жерлеринде эле турууга аракет кылышат. Түшүнүктүү болуш үчүн айта кетейин, айбанаттар үчүн биздин тоолор — адамдар үчүн көп кабаттуу үй сыяктуу. Жакшы үйлөр дайыма бош болбойт. Тоодо деле ошол — азыктарга бай, жакшы аймактарды дайыма бирөөлөр ээлеп турушат. Аларды аңчылыкта рационалдуу колдонсо, сүймөнчүк-мергенчилерге жакшы пайда алып келет.

Негизи камандын изи менен түшүп аңчылык кыларда жаңы кар жааганда чыккан жакшы. Тоо арасынан камандын карга түшкөн изи болбосо, аны табуу кыйын. Татаал ландшафтты колдонуп, мергенчилерден оңой эле качып кетет. Ошондуктан аңчылыкка чыкканда тоолордон көп басууга, курчап турган айлана-чөйрөнү ар дайым тыңшап, эки жакты карап тууру керек. Мергенчиликтин жаныбардын изи менен түшүп аңдуу ыкмасы, башка ыкмаларга салыштырмалуу мергенчиге жогорку деңгээлдеги талаптарды коет. Төмөн түшкөн, жогору көтөрүлгөн бардык жолдорду карап, камандын изин табыш керек. Кээде камандын тоо этегинде жүргөнүн көрөсүң, бирок жердин татаал түзүлүшүнөн атууга жакындап бара албайсың. Канчалаган камандар жыш өскөн бадалдардын арасынан бизге көрүнбөй калды. Айрым камандар мергенчинин жанынан көрүнбөй өтүп кетүүнүн аракетин жасашкан.

Камандар жакшы көрбөйт, бирок алардын жыт сезүү жана угуу сезимдери өтө күчтүү. Ушинтип, кардагы чаташкан издерди кууп барып каманды тапчубуз. Бирок аны атыш дагы керек.

- Мындай чоң каманды кантип таап, аттыңыздар?

- Бул окуя бир нече жыл мурун болгон. Биз мурда эле Турук капчыгайында чоң камандын издерин таап калчубуз. Ал издер чоң чынынын көлөмүндөй болчу. Ошондуктан кар жааганда биз Турук капчыгайына жөнөдүк. Андан тышкары бизде мөөнөтү бүтө элек лицензия бар болчу.

Эртең менен эрте Турук капчыгайы менен жогору көздөй чыга баштадык. Аба ырайы аябай жакшы болчу. Түнү менен кар жаап, эртең менен күн тийип турган.

Биз үчөөбүз жалгыз аяк жол менен жогору көздөй 500 метр бийиктикке чыгып, эс алып, кайсы багытка барарыбызды сүйлөшүп алуу үчүн отурганбыз. Бир маалда 200 метр алыста өзөндөн чыгып, тоо этеги менен жогору көтөрүлүп бара жаткан чоң каманды көрүп калдым. Кар аябай калың болчу. Күрткүлөрдүн арасынан анын жоону көрүнүп турду. Мен аны мээлеп карабин менен аттым. Октун калибри 7,62 х 51 (308) болчу. Октун тийгени угулуп, биздин көз алдыбызда каман төмөн көздөй учуп баратты. Балдар сүйүнгөнүнөн кыйкырып, таамай атканым үчүн мени куттуктап жатышты.

Кандай гана ийгилик! Толук чарчай да элек болчубуз. Каман оодарылып жыгылып, дарыяны көздөй учуп баратты. Бирөө төмөн көздөй чуркады, мен карабинди октодум. Каман өзөндө жатат деп, акырындан түшүп бара жаттык. Бирок бекер сүйүнүп жатыптырбыз. Өлө турган каман эсине келип, суудан чыгып, бадалдардын арасы менен жалгыз аяк жолго чыгып кетиптир. Ал кеткен жол издеринен көрүнүп турду. Башымды буруп, биздин каман жогору жактагы жалгыз аяк жолго чыкканын көрдүм. Бирок атканга жетишпей калдым.

IMG_20141206_100831

Ал учурда каман тоону көздөй бет алды. Изине түштүк. Бардык белгилер боюнча ок тийиш керек болчу. Бирок анын изинен кан көргөн жокпуз. Баарын кайра бир сыйра текшерип чыктык. Ок тийип, сууга кулагандан кийин кантип качып кеткенин түшүнбөй жаттык. Балким бадалдардын арасында дагы бир каман болгон деп ойлодук. Кээде ушундай дагы болот.

Баса, андан кийин издерди кууп баратып, чын эле бадалдардын арасында биздикиндей чоң дагы бир каман болгонун аныктадык. Бирок ал бизге көрүнбөй качып кетиптир. Биздин маанайыбыз түшүп калды. Килейген немени көрүп туруп, 100 метр жерден атсак жыйынтыгы жок.

Издин аркасынан түштүк. Алдыга рация менен чалгынчыны жөнөттүк. 20 мүнөттөн кийин каман өзөндүн үстү менен кетип бара жаткандыгын айтты. 10 мүнөттөн кийин каман биз тарапты көздөй кайрылганын билдирди. Дагы бир чалгынчы башка жерге жөнөдү. Ал из жок экенин айтты. Каман тоонун эки этегиндеги бадалдарда экендигин түшүндүк. Бизден бирөө анын изи менен акырын аңдып баштады. Каман бадалдардан качып чыкты. Мен болгон күчүм менен артты көздөй 500 метрдей чуркадым. Алым жок, көздөрүм караңгылап кетти. Оптикалык прицелден каманды көрдүм. Отуруп, эс алдым. Каман карама-каршы тараптагы этек менен карды жиреп баратты. Мени менен теңелгенде далысынан ылдыйрак мээлеп тоодон тоого аттым. Мылтыгымда бир эле ок бар болчу. Чуркап кеткенде баарын таштап салыптырмын. Ошондуктан бир эле мүмкүнчүлүгүм бар болчу.

Ок атылганда каман бадалды аралап качып көрүнбөй калды. Бадалдарды аралып издей баштадык. Ал учурда анын көлөмү канчалык болорун билген эмеспиз. Кайсы гана каман болбосун мергенчи үчүн коркунуч туудурарын унутпаш керек. Каман мергенчилерди өлтүрүп койгон учурлар болгон. 10 метр аралыктан бир мергенчи каманды көрүп, ок чыгарды. Жанына барганда каман эбак эле өлгөн экен. Ал мергенчи аткан 12-калибрдагы бытыра ок камандын кемирчегинде эле калып калыптыр. Анын кемирчеги айрым жерлерде 1 см калыңдыкка чейин болчу. Үчөөбүз бул каманды сүйрөмөк тургай, ордунан жылдыра албашыбызга көзүбүз жетип, Кара-Балтадан мергенчи досторубузду чакырдык. Өзүбүз болсо тоодо калдык.

Камандын салмагын ченесек 320 кг болду. Биз анын салмагын бөлүктөргө бөлүп ченедик. Тиштеринин узундугу 24,5 см. Бул Кыргызстан үчүн рекорд. Тилекке каршы, расмий түрдө катталган жок.

Каман аябай карыгандыктан эти тамакка жарабай калды.

- Жаңы мергенчиликти баштагандарга кандай кеп-кеңеш бере аласыз?

- Бүгүнкү күндө сайлуу мылтык — карабин же оптикалык прицели (мылтыкты, замбиректи туура мээлеткич прибор) менен мылтык сатып алып, достор менен «крутой» жол тандабаска отуруп, аңчылыкка чыксак деген пикирлер бар. Бир нече жолу аңчылыкка чыгып, ийгиликсиз кайткан мындай адамдар көбүнчө карабинин сатып жиберишет.

Чыныгы мергенчи болуу үчүн өзүн сабырдуулукка үйрөтүп, дайыма мылтык атууга жана жөө жүрүүгө машыгуу зарыл. Аңчылыкты жаңы баштаган мергенчилер канаттуу куштарды жана айбандарды, мылтыктарды жана ок атууну үйрөнүшөт. Бул каманга аңчылык кылуу искусствосуна багыт алган алгачкы кадам. Даярданууга көп убакыт кетиши мүмкүн. Балким бир жыл сарпталат. Эгерде сиз көздөгөн максатыңызга өжөрлүк менен кетсеңиз, анда мергенчилик ийгилиги сизге жылмаюу тартуулайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×