Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуАламүдүн району 07.02.2019 15:37

Рейд: Аламүдүндө 315 баланын ата-энеси чет өлкөгө мигрант болуп кетишкен (сүрөт)

Turmush -  Аламүдүн району боюнча балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу жана жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында 17 айыл аймакта рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация жетекчисинин орун басары Айбек Кулубаев билдирди.

«Райондук мамлекеттик администрациясы, ички иштер кызматы жана айыл өкмөт башчылары менен биргеликте түзгөн штабдын негизинде жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында рейддерди жүргүзүп жатабыз.

Бүгүнкү күнгө чейин 41 433 үйдү кыдырып, 315 балдардын ата-энелери Россия жана башка чет өлкөлөргө иштегени кеткендиги аныкталды. Балдардын укугун коргоо боюнча түшүндүрүү иштери улантылууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×