Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуАламүдүн району 07.02.2019 14:25

Сүрөт — Мурунку президенттин айылына курулган оорукана кимдерге акысыз кызмат көрсөтөт?

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында жатып дарылана турчу чоӊ оорукана курулуп, ал өткөн жылдын декабрь айынан баштап ишке кирди.

Айыл өкмөт башчысы Нурзаман Адашпасовдун айтымында, оорукана республикалык бюджеттен курулду.

«Мага чейинки айыл өкмөт башчысы элдин суроо-талабы боюнча ошол кездеги президентке, өкмөткө кат жолдоп, ошонун негизинде долбоор планга кирген экен. Анда 2016-жыл болчу. Курулуш иштери 2017-жылы аяктап, документтери толук даяр болгон соӊ, өткөн жылдын декабрь айынан тарта бейтаптарды кабыл алуу башталды.

Жергиликтүү тургундар үчүн абдан чоӊ жаӊылык болду. Болбосо 25 чакырым жолду басып, Бишкектеги ооруканаларга барып, кезек күтүп дарыланышчу. Оорукана биздин айыл өкмөттүн аймагында салынганы менен толугу менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүндө жана каржылоосунда турат», - деп билдирди ал.

Ал эми аталган оорукананын дарыгерлеринин айтымында, январь айында ооруканага 100гө чукул бейтап келип, жатып дарыланып кетишкен.

«Бизде мурун поликлиника эле бар болчу. Анда жатып дарылана алышчу эмес. Мына минтип 50 орундуу чоӊ оорукана салынды. Анда 3 бөлүм ишке киришти. Январь айында 100гө жакын киши дарыланып кетишти. Азыр дагы дарыланып жаткандар бар. 5 жашка чейинки жаш балдарга, 70 жаштан жогору пенсионерлерге, 1-2-топтогу майыптарга кызмат көрсөтүү бекер. Ал эми бир курска же он күндүк дарыланууга 70 жашка чейинки пенсионерлер 330 сом төлөйт. Ал эми башкалар бир курска 2600 сом төлөшөт. Ушул акчанын ичине бардык дарылоо кирет. Анда бейтаптар физикалык дарылануу менен чогуу комплекстүү дарыланууну алышат. Өзүбүздө бар дарылар бекер берилет», - деп билдиришти алар.

Ооруканада жалпы 3 дарыгер, 2 терапевт, 1 педиатр, 1 уколоочу жана 10 чакты медайым бар.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев ушул айылдан болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×