Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуСокулук району 07.02.2019 12:48

Гавриловка айыл өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан М.Чынарбеков кызматтан бошотулду

Turmush -  Кылмыш иши козголгон Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Тагай Бакасовго көпчүлүк депутаттар экинчи жолу ишенбестик көрсөттү. Бирок депутаттардын бул чечимине Сокулук акимчилиги макул эместигин билдирди. Ошондой эле аким Таалайбек Корголдоевдин буйругу менен Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Медербек Чынарбеков ээлеген кызматынан бошотулду.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, айыл өкмөт башчысы Тагай Бакасовго жергиликтүү кеӊештин депутаттары 30-январь күнү экинчи жолу ишенбестик көрсөтүп, №13 токтомду Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүшкөн.

Сокулук райондук мамадминистрациясы аталган токтомду карап чыгып: «Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бакасовдун депутаттардын 30-январдагы №13 токтомун жараксыз деп таануу жөнүндө сот органына доо арызын бергени маалым болду. КРдин мыйзамдарына ылайык, сот иштерине мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

Сот органы Т.Бакасовдун доо арызын өндүрүшкө алганын эске алуу менен аны кызматтан бошотууга укугубуз жок экенин билдиребиз», - деп маалымдашкан.

Ал ортодо Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан М.Чынарбековду кызмат ордунан 2019-жылдын 1-февралынан баштап бошотуу боюнча Сокулук районунун прокуратурасынын 2019-жылдын 16-январындагы №11/36-19 сунуштамасы чыккан.

Анда Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бакасов кызмат ордуна келгенге чейин 2019-жылдын 1-февралынан баштап айыл өкмөтүнүн башчысынын милдети убактылуу жооптуу катчы М.Мамаджановага жүктөлсүн деп айтылган.

Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылдык кеңешинин 27-чакырылышындагы депутаттарынын 17-январда өткөн кезектеги жыйынында Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Тагай Бакасовго ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынып, ага 21 депутаттын 15 депутаты макул деген добушун беришкен.

Маалым болгондой, жыйынга жалпы 21 депутат келип, 2 депутат добушка катышкан эмес. Ал эми 4 депутат так оюн билдирген эмес (каршы эмес же макул эмес).

Көпчүлүк депутаттардын добушу менен Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Бакасов Тагайбек Самаркановичке ишенбестик жарыяланып, токтомдун бир даанасы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына жөнөтүлгөн.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы аталган токтомду карап чыгып, депутаттардын Т.С.Бакасовго ишеним көрсөтпөө чечимине макул эместигин билдирген.

Буга чейин Turmush басылмасы Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасовго райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Кийинчерээк Сокулук районунун прокурору Марат Бусурманкулов Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иш козголгонун тастыктаган. Прокуратура Гавриловка айылдык кеңешинин төрайымы А.Жанышбекованын жана айылдык кеңештин жамааттык кайрылуусу боюнча текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренесинин (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) негизинде кылмыш иш козголгон. Мындан тышкары, «Ж» ЖЧКнын директору И.М.га Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иш козголду.

«Иш облустук прокуратурага жөнөтүлгөн. Алар УКМК же финансы полициясына өткөрүп берет. Бул иш ошол жактан чечилет. Ал мектептин оңдоп-түзөө иштеринине зыян келтиргени аныкталган», - деди прокурор.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасов менен байланышканда ал күнөөсүз экенин, чоң саясий оюн жүрүп жатканын белгилеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×