Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЫсык-Ата району 07.02.2019 10:14 На русском

Оюн талаасына шымын чечкен боюнча шашып чыккан спортчу: Волейболчу Дамирдин кызыктары

Turmush -  Газинур уулу Дамир 1993-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу А.Токтоналиев (Эпкин) атындагы айылда төрөлгөн. Ал он жылдан бери волейбол оюну менен алектенип, спортто бир топ ийгиликтерге жетишти. 2014-жылы «Мыкты бөгөт коюучу» («Лучший блокирующий») наамына татыса, 2018-жылы КРдин мыкты оюнчусу деген сыйлыкка ээ болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Спорт тармагына 2009-жылдан баштап аралаша баштагам. 2009-жылы окуучулар арасында өткөн район, облус биринчилигинде ойноп жүрдүм. 2010-жылдан баштап жогорку окуу жайлар арасында, 2013-жылдан тартып Жогорку лигада, «Жаӊы муун» волейбол клубунда ойноп, клубдар арасында өткөн Кыргызстандын чемпионатына катыштым. Ушул чемпионатта Кыргызстандын улуттук курама командасына оюнчулар тандалат. Жакшы оюн көрсөткөн, мыкты физикалык формадагы оюнчуларды кабыл алышат. 2015-жылы мен дагы тандалып, учурда улуттук курама командада ойноп келем. Спортко аралашып жүргөнүмө жалпысынан 10 жылдай болуп калыптыр», - деди ал.

Дамир Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын ийгиликтүү аяктап, учурда юридикалык академиядан билимин улантып жатат.

«Айдаркан Молдокулов атындагы орто мектепти 2010-жылы аяктап, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырып, аны йгиликтүү аяктап алдым. Муну менен чектелип калбастан, 2016-жылы экинчи жогорку билим алуу үчүн Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясына тапшыргам. Учурда аталган академиянын студентимин.

Келечекке максаттарым көп. Эл аралык мелдештерге катышып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишсем дейм. КРдин клубдарынын арасында чемпион болсок деген да тилегим бар. Ошондой эле волейболдо үйрөнгөн, мыкты өздөштүргөн ыкмаларды жаштарга үйрөткүм келет», - деди ал.

Дамир мелдеш учурунда көп эле кызыктуу окуя болорун айтып, буларга токтолду.

«Күлкүлүү учурлар көп болот. Волейбол боюнча түшүнүгү жоктор бул окуяны жакшы түшүнбөй калышы мүмкүн. Универсиада болгон окуя. Дене тарбия академиясы менен бир университеттин командалары ойномок. Ал кайсы окуу жай экенин айтпай эле коеюн. Бул университеттин волейболчулары кечигип келишти. Калыс ышкырып, "тизилип, саламдашкыла" деди. Ал команда кечигип келгени үчүн аянтка шашып чыгып келишти. Бир маалда залда отургандар дуу этип күлүп жиберишти. Көрсө бир баласы шымын чечип, шашканынан спорттук шортасын кийбей, ич кийимчен чыгып алыптыр. Аны өзү да байкабай калса керек. Элдин күлкүсүнөн улам кайра артка кетип, кийип келген», - деди ал.

Дамир: «Үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсүмүн. Бир эжем, эки агам бар. Байкелерим да спортко жакын адамдар. Улуу байкем баскетбол ойносо, экинчи байкем волейбол боюнча өлкөнүн спорт чебери. Убагында ал дагы улуттук курама командада ойночу. Азыр деле клубдар арасында, «Салам Алик» деген күчтүү бир командада ойноп келет», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×