Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуЫсык-Ата району 06.02.2019 17:07 На русском

Бир кездеги миллионер колхоз — Люксембургдагы үйлөр эмне үчүн жогору бааланган? (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусундагы Ысык-Ата районунда Люксембург деген айыл жайгашкан. Айыл тургундарынын айтымында, бир кездери аталган айылдагы турак үйлөр жакшы баага бааланган. Себеби, бул үйлөрдү немис улутундагы адамдар салган. Немистердин көбү эгемендүүлүк жылдары өз мекенине кайтып, айрымдары Кыргызстанда калышкан.

Ал эми Люксембург айыл аймагынын башчысы Эсенбол Буйляшевдин маалыматында, аталган айыл көчүп келген немис элдеринин отурукташып калышы менен 1925-жылы түптөлүп, айылга немис революционер айымы Люксембургдун ысымы ыйгарылган.

Миллионер колхоз

Айылда Турд аттуу колхоз уюштурулуп, ал Кыргызстандагы миллионер колхоздордун бири болгон. Бул жерге Улуу Ата Мекендик согуштун маалында Сибирге айдалган немистердин айрымдары атайын көчүрүлүп келген. Алар бул учурда коомдун жек көрүндү адамдарына айланып, «элдин душманы», «немис» деген каралоого кабылып, НКВДнын тыкыр көзөмөлүндө болушкан.

Албетте, бул немис эли жашаган айылга өкмөт тараптан эч кандай көӊүл жылытарлык жардам берилген эмес. Бирок, өтө эмгекчил, темирдей тартип менен ишине так жүргөн немис элинин айылы акыры миллионер колхозго айланган. Өкмөттөн бир тыйын албай туруп, Труд колхозунун айдоо аянтарынан дан эгиндерин, мал чарбадан эт, сүт азыктарын, республикадагы башка колхоздорго караганда 6-7 эсе көп алып, ашыкча план менен толтурушкан. Азык-түлүктүн көрсөткүчү 50 пайыздан эч убакта түшчү эмес, ал тескерисинче 80 пайызга чейин көтөрүлүп турчу.

Немистердин үйү эмне үчүн кымбат бааланган?

Айыл тургундарынын айтымында, бир кездери аталган айылдагы турак үйлөр жакшы баага бааланган. Себеби, үйлөрдү немис улутундагы адамдар салган. Алар өздөрүнүн технологиясы менен бышык жана жылуу, жашоого ыӊгайлуу үйлөрдү курушкан. Ошондой эле, айылга мектеп, бала бакча, маданият үйүн, коомдук ашканаларды, коомдук мончо, дүкөндөр, оорукана, спорт аянтчаларын, тигүү цехин, нан бышыруучу цех, айыл чарба техникаларынын устаканасын курушкан.

Кайра куруу заманы Люксембургдун гүлдөгөн колхозун талкалады

Кайра куруу замандын кедергеси Люксембургдун гүлдөгөн колхозуна да жетип, андагы бардык айыл чарба техникалары таланып, мал-жандыктар таратылып, жерлер жеке менчиктерге өтүп кеткен. Дал ошол маалда Кыргызстандан бир топ немис улутундагы тургундар өз мекенине көчүүгө туура келген. Бирок, Люксембургда ушул күнгө чейин жашап келе жаткан немис элдери бар.

Колхозду башкарып, аны бутуна тургузгандардын бири – Яков Ваккера өзү эмгектенген колхоз тарап, техникаларды, мал-жандыктарды бөлө тартып алып кетип жатышкандарды көрүп, Германияга кетүүгө аргасыз болгон. Бирок, 1995-жылы ал Кыргызстанга кайра келген. Ал дароо Люксембург айылына барып, колхоздун эч нерсеси калбай талкаланганын көрүп, 2-3 күндөн кийин кайра Германияга сапар тарткан. Ал кетип баратканда учактын ичинде өзүн жаман сезген экен. Германияга баргандан кийин 3 күн өтпөй көз жумган. Учурда Я.Я.Ваккеранын атында музей, көчө жана мектеп бар.

Учурда айылда саналуу гана немис эли калды

Учурда Люксембургда ар ким өз жашоосу менен алек. Учурунда айылдын 90 пайызын немис улутундагы адамдар түзсө, азыркы күндө саналуу немис үй-бүлөлөр калды. Айылда учурда 10 чактуу ар улуттун элдери жашайт. Алар, кыргыздар, орустар, немистер, түрктөр, карачайлар, өзбектер, украиндер, казактар, дунгандар, тажиктер жана башка улуттар. Ошондой эле айылда жападан жалгыз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Кучков бар. Ал 1922-жылы туулган.

Азыркы Люксембург

Бүгүнкү күндө айыл тургундары мал чарба, айыл чарба менен алектенишет. Борбор калаа Бишкек менен Ысык-Ата районунун Кант шаарына жакын болгону үчүн жеке ишкерлик менен да иш кылгандар бар. Учурда айылда жалпы 7500 киши жашайт. 2 мектеп, 1 бала бакча бар. Ал эми ФАП жаӊыдан курулуп баштады. Айыл өкмөттүн бир жылдык бюджети 18 млн сомдун тегерегин түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×