Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуСокулук району 06.02.2019 13:39 На русском

Чүйдүн райондорундагы калың кар. Сүрөт

Turmush -  Февраль айынын башталышы менен аба ырайы кескин өзгөрдү. Буга чейин Кыргызгидромет 6-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -12…-17°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -13…-18° суук болушу ыктымалдыгын билдирген.

Суусамыр өрөөнүндө болжол менен 50 см кар бар.

Панфилов районунда болжол менен 15-20 см кар бар.

Москва районунда болжол менен 30-40 см кар бар.

Сокулукта болжол менен 15-20 см кар бар.

Ысык-Ата районунда болжол менен 10-15 см кар бар.

Чүй районунда болжол менен 10-22 см кар бар.

Токмок шаарында болжол менен 12-17 см кар бар.

Кемин районунда болжол менен 10-16 см кар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×