Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуМосква району 06.02.2019 10:52 На русском

Жоомарт Нарботоев Москва районунун акиминин орун басары болуп дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Нарботоев Жоомарт Токтосунович Москва районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу райондук мамадминистрациясы кабарлады.

Жоомарт Нарботоев 1980-жылы Сокулук районунда туулган.

1997-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин транспорт жана машина куруу факультетинде билим алып баштаган. Параллелдүү түрдө ошол эле университеттин бизнес жана башкаруу институту факультетинде билим алган. 2003-жылы экономика жана ишканадагы башкаруу адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 2004-жылы Бишкек шаардык социалдык фондунун Биринчи май райондук бөлүмүндө физикалык жактар боюнча жетектөөчү адис болуп иштөөдөн баштаган.

2004-жылдын сентябрь айынан баштап 2006-жылдын август айына чейин Бишкек шаардык социалдык фонд башкармалыгынын бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген. Андан кийин Кыргыз Республикасынын эмгек жана миграция боюнча Бишкек шаардык комитетинде компьютердик технологияларды божомолдоо жана анализдөө бөлүмүндө башкы адис, Бишкек шаарынын эмгек жана миграция боюнча Свердлов райондук комитетинде башкы бухгалтер кызматтарында иштеген.

2007-жылга чейин жана 2009-жылдын апрелинен 2013-жылдын май айына чейин КРдин президентинин администрациясында, президенттин администрациясын жана премьер-министрдин аппаратын каржылоону пландаштыруу борборунда референт болуп эмгектенген.

2008-жылдын апрель айынан баштап Сокулук райондук казыналыгында башкы адис болуп иштеген.

Акимдин орун басары кызматына келгенге чейин КРдин президентинин иш башкармалыгында жана КРдин өкмөтүнүн протоколдук иш-чаралар бөлүмүндө реферант болуп иштеген.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×