Кара-Балтадагы көйгөйлөрдүн бири — көчөдөгү баш аламан соода
Turmush - Кара-Балта шаарында көчөлөрдү иретке келтирүү аракеттери улантылып жатат. Бул максатта 3-февралда таң эрте рейд өттү.
Адатта жекшемби күндөрү товарын көчөгө жайып алып саткандардын саны өсөт. Бул жолку рейдге милиция, райондук администрациянын кызматкерлери жана мэриянын юристтери катышты. Алар тамак-аш, жаңы жана эски кийимдердин сатуучуларына базардын аймагында гана соода-сатык жүргүзүү керектигин түшүндүрүп, тазалыкты сактап, шаардын көрүнүшүн жакшыртууга салым кошууга чакырышты. Рейддин жыйынтыгында «Барахолка», «Эркин»жана «Жайыл» базарынын жанындагы жолдор бошотулду.
«Баш аламан соода — шаардагы көйгөйлөрдүн бири. Ушундай комиссия түзүлүп, текшерүү жүргөндө гана сатуучулар жолду бошотушат. Бирок текшерүү бүткөндө көчөлөрдүн жээгине кайрадан буюмдарын жайып, жолду ээлеп алып жатышат», - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.