Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуКемин району 05.02.2019 12:22

Кеминде өрт чыккан үйдөн эркек кишинин денеси табылды

Turmush -  Чүйдөгү Кемин районунун Боролдой айылында өрт чыккан үйдөн эркек адамдын жансыз денеси табылды. ӨКМдин бүгүн, 5-февралдагы маалыматы боюнча, Жээнбеков көчөсүндөгү турак үйдүн 3 чарчы метр аянты күйгөн.

Маркумдун өздүгү такталып, 1961-жылы туулган О.И. түтүнгө ууланганы аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрткө электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон. Тактоо, териштирүү иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×