Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуМосква району 05.02.2019 11:45 На русском

Ортодо балдары калды: Ичкиликке берилген аял күйөөсүн өлтүрдү

Turmush -  Чүй облустук соту күйөөсүн өлтүргөн Людмила (аты өзгөртүлдү Х.Л.Б) аттуу айымдын кылмыш ишин карап чыгып, чечим чыгарды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Буга чейин Чүй облусунун Москва райондук соту 1987-жылы туулган Людмиланы күйөөсү Александрды (аты өзгөртүлдү Х.А.А) өлтүргөнү үчүн күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыраткан. Андан тышкары Людмила каза болгон күйөөсү Александрдын пайдасына 71 миң 505 сом материалдык чыгым, 200 миң сом моралдык чыгым жана жактоочуга 4 миң 500 сом материалдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирилген. Чүй облустук соту жогорудагы Москва райондук сотунун чечимин эч өзгөртүүсүз күчүндө калтырды.

Людмила эмнеге айыпталып жатат?

2018-жылдын 14-апрелинде саат 18:00 чамасында Людмила мас абалында күйөөсү Александр менен Беловодск айылында жашаган үйүндө урушуп кетишкен. Уруш чоң жаңжалга айланып, Людмила бычак менен күйөөсүн көкүрөк тушка сайып салган. Александр жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Айыпталуучу эмне дейт?

Айыпталуучунун айтымында, өзү Асылбаш айылындагы кирпич заводунда иштейт. Ал күнү жумушунда кармалып калган. Үйгө келгенде адаттагыдай күйөөсү менен урушкан. Уктайын деп жатканда Александр аны сабап, муунтуп баштаган. Коркконунан качып барып, коргонуу максатында колуна бычак алган. Күйөөсүн кайсы жерге сайганын билбейт. Үйдө эч ким жок болгондуктан шок абалында болуп, жасалма дем берүү аракетин көргөн. Бирок эмне болгонун толук түшүнгөн эмес. Кармалгандан кийин 3 күн күйөөсү өлгөнүн билген эмес. Суракта окуя үйдүн кире беришинде болгонун, балдарын атасыз калтыргандыгы үчүн өзүн күнөөлүү деп эсептеп жатканын айтып берген.

Александрдын эжеси эмне дейт?

Ал эми каза болгон Александрдын эжеси келини Людмиланын ичкиликке берилип, аморалдуу жүрүм-турумун, балдарын сабап, ачка калтырып жүргөнүн айтып берген. Атам жашайт деп Россияга кетип, ал жакта 1,5 айдай жүрүп, ичип, анан бир аялды сабаганын айткан. Кылмыш болгон күнү 20:00 чамасында ага бир аял телефон чалып, балдарды алып кет деп айткан.

Күбө эмне дейт?

Александр жана Людмиланын жашоосун көрүп жүргөн күбөнүн айтымында, жубайлар 2009-жылдан бери чогуу жашашкан. Чогуу ичип жүрүшкөн. Бирок Александр 4 жылдан бери ичпей жүргөн. Аялы Людмила балдарын карабай койчу. Балдары же чоң апасыныкында же кошуналардын үйүндө жүрчү. Александрдын колу кесилип, бети жарылып жүрчү. Аялы ага жаман мамиле жасап келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×