Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЫсык-Ата району 05.02.2019 10:21 На русском

Ысык-Атада аялын ур-токмокко алган киши 200 000 сомдон ашык айыпка жыгылды

Turmush -  Ысык-Ата районунун соту Тагирге (аты өзгөртүлдү Б.Т.А) карата козголгон кылмыш иш боюнча чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Ал 2018-жылдын 1-сентябрында болжол менен саат 16:30да Ивановка айылындагы өзүнүн үйүндө аялы Гүлназ (аты өзгөртүлдү) менен уруша кетип, анын башына жана денесине залал келтирип, сабап салгандыгы үчүн айыпталууда.

Тагир сотто жабырлануучу аялы экендигин жана алардын ортосунда 3 баласы болгонун билдирди. 2018-жылдын 1-сентябрында аялы айыпталуучунун уруксатысыз туугандарынын үйүнө кетип калган. Ошол себептен экөөнүн ортосунда уруш чыгып, Тагир аялын жакка чаап, бир жолу жамбашка тээп жиберген. Тагир азыркы учурда балдары апасы менен жашарын жана аталык милдетинен баш тартпарын, балдарына материалдык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин айтты. Ал соттон туура чечим чыгарып берүүнү жана ошондой эле өзүнүн материалдык абалын дагы эске алууну өтүндү.

Ал эми жабырлануучу күйөөсү 2 жылдан бери аны ур-токмокко аларын, бирок үй-бүлөнү сактап, ортодогу балдар үчүн жашап, баарына чыдап келерин билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын 1-сентябрында үйлөнүү тойго даярдык көрүп жаткан туугандарынын үйүнө жардам берүү үчүн үйүнөн күндүз чыгып кеткен. Саат 15:00дө үйүнө кайтып келген. Тагир саат 16:30да үйүнө келип, аялын сөгүп, аны балдары менен кошо үйүнөн кубалап чыккан. Ал муштуму менен жабырлануучунун башына урган. Аялынын жалынып-жалбарганына карабай сабап салган. Гүлназ короого качып, колуна тийген бир буюмду күйөөсүн көздөй ыргыткан. Ал буюм күйөөсүнө тийбей калган. Буга ачууланган Тагир аялын бутка тээп, ал жерге жыгылып түшкөндө башына муштуму менен соккулап, тепкилеп салган. Анын кесепетинен аялы Ысык-Атадагы ооруканада 21 күн жатып, азыркы тапка чейин дарыланууда.

Тагир аялын сабап жаткан учурда балдары үйдө болгон. Аларды эч ким көргөн эмес, бирок кошунасы ызы-чуу болуп жаткандыгын уккан. Аялы күйөөсүнүн жазага тартылышын жана эркинен ажыратуу өкүмүн суранды.

Соттун чечиминин жыйынтыгы боюнча, Тагир күнөөлүү деп табылып, ага 350 эсептик көрсөткүч менен айып пул салынды.

Ал жабырлануучуга материалдык чыгым катары 31 миң 997 сом, ошондой эле жактоочунун кызматына 25 миң сом жана моралдык чыгым катары 150 миң сом айып төлөөгө тийиш.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×