Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусу, Токмок 05.02.2019 09:34

Токмокто эрежесиз эр уруш боюнча мэрдин VI кубогу болуп өттү (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында 1-2-3-февраль күндөрү эрежесиз эр уруш боюнча мэрдин VI кубогу болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке республиканын бардык аймагынан эки жүздөн ашуун спортчулар келип катышты. Анда жалпы тайпалык эсеп менен «Барс-Токмок» клубу 1-орунду жеӊип кетишти. Аталган клубдун спортчулары 10 алтын, 4 күмүш, 2 коло медаль алышты. Ушундай эле жалпы тайпалык эсеп менен 2-орунду «Тайбас» клубу алса, 3-орунду «Кочкор-Шапак» клубу жеӊди.

Жеӊүүчүлөр медаль, диплом менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×