Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуАламүдүн району 05.02.2019 09:02

Аламүдүндө ат оюндары уюштурулду (видео)

Turmush -  2-февралда Аламүдүн районуна караштуу Арчалы айылында ат оюндары өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, анда аламан байге, кунан жана тай чабыш болду. Кунан чабышка жалпы 34 күлүк катышты.

Кунан жарыштын жыйынтыгы:

- 1-орун — Арчалы айылынан келген Ардак;

- 2-орун — Бер-Булак айылынан келген Үмүт;

- 3-орун — Жал айылынан келген Ханыша;

- 4-орун — Орок айылынан келген Бактору;

- 5-орун — Күн-Туу айылынан келген Рамона.

1-орундарга үй тиричилик техникалары берилсе, 2-орунга 9000 сом, 3-орунга 7000 сом ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×