Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЖайыл району 04.02.2019 14:49 На русском

Көк бөрүдөгү мушташ бычак сайышуу менен аяктап: Бычак шилтеген адам Россияга качып кеткен

Таластагы көк бөрү
Таластагы көк бөрү

Turmush -  Чүй облустук соту Темирландын (аты өзгөртүлдү М.у.Т.) кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Мурда Жайыл райондук соту Темирланды айыптуу деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан. Сот жазаны шарттуу деп эсептеп, 3 жылга сыноо мөөнөтү менен кескен. Темирлан 2017-жылдын 19-ноябрында саат 16:30 чамасында Жайыл районунун Моңолдор айылында У.Равил менен урушкан. Чатак учурунда аны көкүрүккө учтуу буюм менен сайып жиберген. Андан кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Равил жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Сотто айыпталуучу Темирлан 2017-жылдын 19-ноябрында үйүндө тиричилик жумуштары менен алектенгендигин билдирди. Түштөн кийин айылда улак тартыш болуп жаткандыгын көрүп, оюнга катышуу үчүн атын минип барган. Ал жакта Равил менен анын иниси Рамис да болгон. Улак тартыш учурунда Рамис ага жаман сөздөрдү айта баштаган. Ал аны тынчтанууга чакырган. Ошол учурда алардын жанында турган Равил менен айтыша кеткен. Айтышуу мушташууга айланган. Мушташ учурунда жеңилип бара жатканда чөнтөгүнөн кичине бычакты ала калып, Равил жакындабашы үчүн тап берген. Бир убакта экөө кайра мушташа кеткен. Равил дароо токтогондо атына минип үйүнө кетип калган. Үйүнө барганда кошуналарынан Равилди ооруканага алып кетишкендигин билген. Кабарды уккандан кийин коркуп Санкт-Петербургга кетүүнү чечкен. Түндө бардыгы уктап жатканда үйүнө барып акча, паспортун алып, Сосновканын жолуна чыккан. Жолдо келе жаткан унаага отуруп Бишкекке келген. Шаардан Санкт-Петербургга билет алган. Ал жакка учуп барып, иш таап, ижарага батир алган. 2018-жылдын 10-апрелинде аны кармап, Кыргызстанга экстрадициялашкан. Кылган ишине өкүнө тургандыгын билдирип, соттон жазаны өзгөртпөөнү суранды.

Жабырлануучунун айтымында, 2017-жылдын 19-ноябрында үйүндөгү иштери менен алектенген. Айылда улак тартыш болуп жатканын угуп, ал жакка жөнөгөн. Жолдо бара жатып, 2003-жылы туулган кичүү инисине жолуккан. Ал ыйлап отурган. Андан эмне болгондугун сураганда Темирлан уруп койгондугун айткан. Ал дароо ага барып, эмне үчүн инисин уруп койгондугун сураган. Кайым айтышуу учурунда алар мушташа кеткен. Көкүрөгү ооруп кеткендигин сезип мушташ токтогон. Темирлан өзүнүн атына минип алып кетип калган.

Анын оозуна кан келип, айылдаштары ооруканага жеткирип, дарыгерлер операция жасашкан. Учурда айыпталуучуга эч кандай дооматы жок экендигин айтып, соттон кылмыш ишти токтотууну суранды.

Жыйынтыгында сот Жайыл райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×