Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуМосква району 04.02.2019 14:41

«Атам төөдөн жыгылып каза болгон»: Дирижер Б.Бейшембиевдин чыгармачылык жолу

Turmush -  78 жаштагы Бектен Бейшембиев Москва районундагы Беловодск айылынын тургуну. Ал 55 жылдан бери маданият майданында жашап, учурда М.Рыскулбеков атындагы көркөм өнөр музыкалык мектебинде комуз бөлүмүн жетектейт. Кезинде «Комузда ойноо» окуу-усулдук китепти жаратып, кыргыз улуттук музыкасында туңгуч автор катары маданият тармагында таанымал. Анын чыгармачылык жолу, жетимдиктен жетилген өмүрү менен аймактык кабарчы таанышты.

«Атам төөдөн жыгылып каза болуп, 2 жашымда жетим калгам», - деди ал балалык дүйнөсүнө сүңгүп...

«Мен 1941-жылы 30-октябрда Москва районундагы Жарды-Суу (азыркы Бала-Айылчы) айылында төрөлгөм. 5 бир тууганбыз. Атам Бейшенби колунан көөрү төгүлгөн темир, жыгач уста болгон. Ал үй тиричилигине, айыл чарбасына тиешелүү бардык каражаттарды жасачу. Менимче, кыштын алгачкы айлары болсо керек. Райондун борборундагы МТСке курал-жарак тетиктерди алуу үчүн төө минип үйдөн аттанат. Ооба, апам Калдыкыз атам жөнүндө ушинтип дайыма айтар эле. Үйдөн жөнөп жатканда төө эмнегедир чөкпөй, мингизбей, күтүлүп жаткан кырсыктан аян берет. Бирок оңдоо-түзөө тетиктери зарыл болгондуктан төөнүн ишааратына, белгисине баам салбай жөнөгөн экен. Апам өзүнчө кооптонуп, жүрөгү бир нерсени сезгендей согуусу ылдамдап айылда кала берет.

Ошентип, болжогон жерине жетип, тийиштүү жарактарын артынып келе жатканда муздан төө жыгылып, атам катуу жаракат алат. Айылдык аксакалдардын айтымында, жүлүнү үзүлүп кеткен. Аны көргөн адамдар үйгө эптеп жеткиришкен экен. Ошол эле түнү о дүйнөгө сапар салыптыр. Бешөөбүз жетим, апам жесир калып, көрбөгөн күндү көргөнбүз. Батышта согуш күчөп, айыл ичи кыйынчылыктын күүсүнө бөлөнгөн жылдар эле», - деди ал.

Айылдык мектептен билим алат. Мектеп босогосун аттаган жылдарга чейин эле комузда кол ойнотуп, “Маш ботойду” чертип калган күндөрүн эскерет.

«Үйдө өрүк комуз болор эле. Улуу агам Аширбек кээде күүлөп, чертип калчу. Анан ал жокто акырын алып, кылдарын кичинекей колдорум менен чертип, үн чыкса эле жыргап калчумун. Байкемдин үйдөн чыгып кетишин аңдып күтүп, жумшаса заматта аткарып, өзүмчө эле элпек болуп кеткем. Аны эч ким байкабай да жүрүшкөн. Бирок менин оюмда баягы өрүк комуздун кумары жашай берчү. Ошондой кыялкеч күндөрүмдү байкап калган мугалим Насыркул агай комуз чертүүнү үйрөтө баштады. Андан “Маш ботойго” машыктым. 1-класстын босогосун ал күүнү толук өздөштүрүп аттагам. Мектептин өздүк-көркөм чыгармачылык ийримине катышып, күү ойнодум, обон созо ырдадым. Жылдар өтө берди. Бойго жетип, Токмоктогу маданият окуу жайынан оркестр багытында билим алдым. Андан соң Москвадагы искусство институтунан билим алып, оркестр-дирижер адистигине ээ болгом. Баса, бул 1962-1967-жылдарда Кыргызстанда практикада болгом. Кыргыз элине таанымал А.Жумакматов жетектеген оркестрде да такшалдым. Ушундай билим сапарым, чыгармачылык жолум. Окууну бүтүп, Токмокто, Бишкекте музыкалык окуу жайларда эмгектендим. Учурда Москва районундагы М.Рыскулбеков атындагы көркөм өнөр музыкалык мектебинде комуз бөлүмүн жетектейм. Өмүр жолума кылчайып карасам, 55 жыл маданиятта жүрүпмүн. 1973-жылы алгачкылардан болуп, “Комузда ойноо” окуу усулдук китепти жазгам. Анын 2-бөлүгүн да даярдап койгом. Бирок, каражаттын жоктугунан басууга бере албай жүрөм», - деди ал.

Мүнөзү ачык, ички сырын жашырбай төгөт. Кыргыз музыкасынын улуттук фонетикасын окумуштуу тилчилер менен да талаша кетет. «Фонетика деген сөз музыкадан алынган. Анын уңгусу – фон. Бул музыканын тили» деп кесе айтат. Жаш улгайып, чач агарса да музыканын сыйкырдуу күчү менен жан дүйнөсү жашарып келет. Ал райондук, облустук, республикалык, Жогорку Кеңештин жана КРдин президентинин ардак грамоталарынын, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси. Күндө таңкы саат беште туруп, нота жазып, комуз кылын жүрөгүндө толгойт. Болгону «Комузда ойноо» китебинин экинчи бөлүгүн жарыкка чыгарууга ашыгат. Өзү жазган К.Орозов атындагы оркестр ойногон «Жаштар бийин» миң кайталап укса да ага таңкы обондой кулак төшөйт. Мамлекет тарабынан жогорку сыйлыктарга көрсөтүлбөсө да көңүлү шайдоот. Бирок жаштарды музыка дүйнөсүндө тарбиялоодо албан эмгектерди жараткан агайдын адамгерчиликтүүлүгү, ишмердүүлүгү, өмүрү өрнөк. Ага бир гана далил II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы 1000 комузчунун жүзү дал ушул агайдын окуучулары. Ошондой эле «Сары-Өзөн чолпондору», «Золотая долина», «Жаш таланттар» сынактарында окуучулары баш байгени багындырып келет.

Байбичеси Раиса Иманалиева К.Сыйданов атындагы орто мектебинин мугалими. Алар 5 баланы тарбиялап, 12 неберенин сүймөнчүлүгүнө ээ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×