Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуСокулук району 29.03.2019 22:34

«Уктап калып, Кореядагы беттешке катышпай...»: Жолдошу менен күрөшкөн балбан Н.Сарбашованын кызыктары

Turmush -  Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын 30 жаштагы тургуну Нагира Сарбашова 2013-жылдан 2015-жылга чейин Кыргызстандын «Жылдын мыкты спортчусу» наамына ээ болуп, кыргыз күрөш боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери наамына татыды. Ошондой эле алыш белбоо жана дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын жана эл аралык класстагы спорттун чебери наамы ыйгарылган. Ал дзюдо боюнча Кыргызстандын 13 жолку, алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын 5 жолку чемпиону болгон. Балбан кыз менен аймактык кабарчы таанышты.

Чоӊ аталарым балбан кишилер болгон

- Чоӊ аталарым балбан кишилер болгон экен. Чоӊ атам той-аштарда чоӊ таштарды көтөрүп мелдешке түшсө, таятам тай-кунандарды жонуна көтөрүп койчу экен. Балбандык канымда болсо керек деп ойлойм.

Мүнөзүмдү, баскан-турганымды эркек балага окшоштурушат. Өзүм да эркектей шар жүргөндү жакшы көрөм. Жолдошум да спортчу. Азыр турмуш шартка байланыштуу таштап койду. Экөөбүз баш кошкондон кийин эле токтолдук. Болбосо мурда тамашалашып күрөшүп кетчүбүз. Бирок эркек киши баары бир күчтүү болот эмеспи, мени жеӊип алчу. Атам мени көкүрөк күчүгүм, балбан кызым деп эркелетет. Туугандар, тааныштардын баары балбан кыз деп айтышат.

Түнү менен сериал көрүп, Кореядагы мелдешке катышпай калгам

- Кореяга барган сапарыбыз эстен кетпейт. Алардын убактысына жаӊы барганда көнө албайт экенсиӊ. Түнү уйкуӊ келбейт экен. Эртеси беттеш болот деген түнү уйкум келбей, сериал көрүп, таӊ атыргам. Мына-мына турнир башталат деп жатканда эч нерсени туйбай уктап калыптырмын. Ошондо 2015-жыл болчу. Кореянын Гуанчжоу деген шаарына барганбыз. Машыктыруучумдан тил угуп, ал мага «мелдешке чыгып, бирок утулуп калдым деп айт, уктап калдым десеӊ уят болот» деген. Бул окуя чоң сабак болгон.

Мен жараткан ийгиликтер…

- Мени спортко улуу байкем алып барган. Ошондон бери 14 жыл болду. Мен дзюдо, алыш белбоо күрөштөрү менен машыгып келем. 2006-жылы алгач дзюдо менен машыгып баштадым. Ошол жылы эле Кыргызстандын чемпионаты болуп, 1-орунду багындыргам. 2008-жылы Казакстанда дзюдочу Б.Сейсенбаевге арналган эл аралык мелдеште 1-орунду алдым. Кийин 2011-жылы кыргыз күрөш менен дагы машыгып баштадым. 2013-жылы Бүткүл дүйнөлүк универсиадага И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин атынан чыгып, 2-орунду алгам. 2014-жылы дүйнө чемпионатында 1-орунду, 2015-жылы Азия чемпионатында 1-орунду, ушул эле жылы Казань шаарындагы эл аралык мелдеште 1-орунду алгам.

Ал эми 2014-жылы дзюдо боюнча Азия чемпионатында 5-орунду, 2015-жылы Азия оюндарында 5-орунду алсам, 2016-жылы алыш белбоо күрөшү менен Көчмөндөр оюндарына катышып 2-орунду, ушул эле жылы Азия чемпионатында 2-орунду, дүйнө чемпионатында 2-орунду багындыргам. 2013-жылы КРдин президентинин ардак баракчасы, Жогорку Кеӊештин ардак баракчасы жана өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак баракчасы менен сыйландым.

Беш бир туугандын эӊ кичүүсүмүн

- 1995-жылы Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Ч.Байсалбекова атындагы орто мектептин босогосун аттап, аны 2006-жылы бүтүргөм. Билимим жогорку. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин информатика факультетин аяктагам. Үй-бүлөдө беш бир туугандын эӊ кичүүсүмүн. Атам 64 жашка чыкты. Жанар аттуу эжем апамдын ордунда болуп, мага көбүрөөк көӊүл буруп каралашты. Кочкорлук жигитке турмушка чыккам. Учурда 2 жаштагы уулубуз бар.

Спорттун арты менен 28 мамлекетти кыдырып чыктым

- Бул жагы Казакстан, Өзбекстандан баштап, Татарстан, Россия, Польша, Япония, Корея, Кытай, Монголия, Тайланд, Түркия, Дубайга чейин барып келдим. Бул жерде аты аталбай калган мамлекеттерди кошкондо жалпы 28 мамлекетке барыптырмын.

Келечекте кудайым буюрса өзүм билген, өзүм үйрөнгөн спортту жаштарга үйрөтүп, машыктыруучу болгум келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×