Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуСокулук району 04.02.2019 08:42 Жаңыланды: 04.02.2019 09:06 На русском

Япон кайын журтунун катуу сынагынан өткөн Асылбек учурда чоң ресторандын башкаруучусу (сүрөт)

Turmush -  Такаши атка конгон сокулуктук Асылбек Асаналиев япон кызына баш кошуп, 2 кыздын атасы болду. Ал Япониянын Цукуба шаарындагы белгилүү ресторандардын бирин башкарып келет.

Мекендешибиз Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Токбай айылында 1989-жылы төрөлгөн. 3 бир туугандын ортончусу менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Япон кызын бир көрүп жактырдым

Келинчегим Мегума мен иштеген «Рамен» ресторанында иштеп жүрчү. Ага чейин көп япон кыздар иштеген. Бирок эмнегедир келинчегим экөөбүздүн жылдызыбыз келишип калды. Бир көрүп сүйүү дегенге мурун ишенчү эмесмин, эми ишендим. Экөөбүз жумуштан жакшы деле сүйлөшө алган жокпуз, бирок бири-бирибизди карай берчүбүз. Жумуш боюнча гана сүйлөшүп, башка темада сүйлөшкөнгө уруксат эмес эле. Эс алууга чогуу чыгып, бирге отуруп чай ичип, сүйлөшүп жүрүп мамилебиз жакшы болуп кетти. Кийин кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, бири-бирибизди жакшы эле сынадык. 2013-жылы өзүмдүн туулган күнүмдө колун сурадым. Ошентип, үйлөндүк.

Япондорго күйөө бала болуш өтө кыйын болду

Япон элинде дагы ата-энесинин астынан өтүү деген бар экен. Келинчегим макул болгону менен ата-энесинин сынынан өтүшүм керек эле. Алардын жумушун бир күнгө токтотуп, атайын бир күндү белгилеп, үйүнө бардык. Кайын атам дүйнөлүк картаны колуна көтөрүп алыптыр. «Кыргызстан кайсыл жерде жайгашкан?» деп улам сурап коёт. Мен картадан көрсөтүп, мекеним жөнүндө айтып бердим. Бул үй-бүлөнүн тукумунда чет элдик жаранга турмушка чыккан же жубай алгандар болбоптур. Кыскасы, соттой эле болду. Көп суроолорду даярдашыптыр. Болгон суроолорун беришти. Мен бардык суроосуна тартынбастан ачык эле жооп бердим.

Мисалы, «мындан ары эмне кыласыӊар?», «кантип жан багасыӊар?», «каякта иштейсиӊер?», «Кыргызстанга качан кетесиӊер?», «ал жакка баргандан кийин эмне менен алек болосуӊар?» деген сыяктуу суроолорду беришти. Кайын атам менен кайын апамдын туугандары да «жолугабыз, биз кызыбыз кимге кетип жатканын билишибиз керек» деп чакырышты. Баш-аягы 4 бүлөнү кыдырдык. Анан таякелерине бардык. Алар дагы дүйнөлүк картаны көтөрүп алышыптыр. Мени япончо жакшы сүйлөшө албайт го деп сөздүк да алышкан экен. Мен болсо ал кезде япон тилин жакшы эле сүйлөп калгам. Кыскасы, суроолоруна канааттандырарлык жооп бердим көрүнөт, бизге баш кошууга макул болушту.

Кайын атамдын бизге койгон шарты

Бирок кайын атам үйлөнгөндөн кийин: «Менин жүрөгүм тынч болсун, 1-2 жыл бул жерде болгула», - деп шарт койду. Аны да туура түшүндүм. Ар бир эле ата-эне кызынын келечегин ойлойт эмеспи. Мен болсо: «Азыр ресторанда болгон тамак-аштарды үйрөнүп жатам, рамен деген тамак бизге жакты, Кыргызстанга да алып барып таратам. Буюрса, 1-2 жылдын ичинде кетпейбиз», - дедим. Бирок убакыт 3 жылга созулуп кетти. Себеби азыркы иштеп жаткан ресторандын иши менин мойнумда, менин ордума азыр эч ким иштей албайт. Жетекчибиз дагы 50 жаштан ашты. Кардарлар көп болгондуктан ал жалгыз жетишпейт. Жетекчинин ушул жылдын аягына чейин иштөө суранычын жана Кыргызстанда ашкана ачууга жардам берем деген сунушун четке кага албадым.

Үйлөнгөндөн 1 жыл өткөн соӊ туугандардын катышуусу менен Бишкекте үйлөнүү той өткөрдүк. Бул жактан кайын ата, кайын энебизди алып барып, аларга Бишкекти көрсөтүп, ата-энем менен тааныштырып, алар жашаган үйдү көрсөттүк. Ошондо кайын атам кучактап: «Асылбек, сени жакшы көрөбүз, кызымды сага тапшырдым», - деп айтты. Ага чейин бул сөздү айта элек болчу. Эми Кыргызстанда кафе ачсак, ачылышына барабыз деп жатышат. Күйөө баланы да жакшы сыйлашат экен. Башында сынактан өтүп алсак, калганы өзүнүн сыйы менен…

Эми Японияга болгон сапар эмнеден башталганын айтып берейин...

Мектепти бүтүп жатканда көпчүлүк бүтүрүүчүлөрдөй эле кесип тандоо боюнча көп ойлондук. Апам менин эрте тилим чыгып, 6 жашымдан мектепке киргенимди эске салып, тил багытында билим алууга кеӊеш берди. Чет тилди тез үйрөнүү жөндөмдүүлүгүм бар болчу. Көпчүлүктүн сунушу менен англис тили багытында окуюн десем студенттер көп, иш таба албай жүргөнү андан көп экен. Анын үстүнө англис тилин курстардан окуп үйрөнсө да болот эмеспи. Ал ортодо кытай тилине да токтолдум. Бирок ал оор экенин, анда окугандар орто жолдон таштап салышканын угуп жана өзүмдүн мектепте орто окуганымды эске алып, кытай тилинен баш тарттым. Акырында Япония өлкөсүнүн маданияты, өнүгүп жаткан экономикасына кызыгып, «булар кантип өнүгүп жатышат, булардан экономикалык багыттагы сырларын үйрөнсөм кандай болот?» деп ойлодум. Менин эӊ башкы максатым — япон экономикасынан тажрыйба топтоп, өз өлкөмө алып келүү болчу. Ошентип, Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги япон факультетинде окуп калдым. Деканыбыз япон жараны Ито Хиронори деген кишинин жардамы көп тийди.

Окуп баштаган жылдардан тартып Японияга жолдомо берген атайын долбоорлорго катыштым. Бирок тилекке каршы өтпөй калып жаттым. Япон агайыбыз Ито Хироноринин үйүнө барып чай ичип, аны менен жакшы сүйлөшүп, дос болуп кеттим. Анан анын ой жүгүртүүсүн, өзүн алып жүргөнүн көрүп суктандым, мен дагы ушундай болсом экен деп кыялдана баштадым. Программаларга катышып жүрүп, акыры магистратура бөлүмүнө барганда Айбек деген мугалим менен Ито Хиронори агайымдын жардамы тийип, алардын кеп-кеӊеши менен 3 айлык программадан өтүп кеттим. Менин Японияга болгон сапарым 3 айлык программанын негизинде башталды. Ал эми көп жерден жардамын аябаган Ито Хиронорини өкүл ата шайлап алдым. Дүйнөнүн ар кайсы жеринен топтолгон 90 студенттин арасында жалгыз кыргыз болдум.

Менин 3 айлык окуум «Япон тили боюнча иероглифтерди оӊой үйрөнүү» деген теманын тегерегинде болду. 3 айлык окууда «чет элдиктер кантип окушат, кантип үйрөнүшөт?» деген суроого жооп издеп, иликтеп, аягында алган билимибизди далилдедик. Окуумду бүтүп, Кыргызстанга кайттым. Анан кайра Японияга барып, билимимди тереӊдетишим керек эле. Бишкектен студенттерди алмашуу программасына документтеримди тапшырсам, кабыл алышты. Кайрадан окудум.

Окуудан сырткары акча табуу амалы

Чет өлкөдө окуп жүргөндө көп эле студент окуудан сырткары иштешет. Мен да окуудан кийин иштей баштадым. Өзбек досум менен рамен жасаган ресторанга ишке кирдик. Бул тамак биздин лагманга окшоп кетет, япондордун улуттук тамак-ашы. Бирок түрү абдан көп. Мен буга чейин шартыма жараша арзан тамактарды жеп жүрүп, «япондордун тамак-ашы ушундай болот тура, эптеп эле бир нерсе жей беришет экен» деп ойлогом. Бул ресторанга кирип, рамен ооз тийгенде мурда-кийин татып көрбөгөн даамды сездим да, ошол жерден мага «ушул тамакты өлкөмө алып барсам кандай болот?» деген ой келди.

Акчам жок сууга бышкан кесме жедим, кээде ачка калдым

Бөтөн эл, бөтөн жерге көнүп кетүүдө тамактан кыйналдым. Тамактарында майы аз жана эт азыгын көп жешпейт. Бул жакта көбү чочконун этин жасашат. Ошого көнө албай жүрдүм. Лапшаны сууга бышырып жеп жүрдүк. Кээде ачка калдым. Башка тамактарды сатып ала албайсыӊ, стипендия жетпейт. Анан эӊ жаманы — жалгыздык болду. Кыргызча сүйлөшкүӊ келип, жаман боло берет экенсиӊ. Жергиликтүү япондор менен сүйлөшкөндө биз окуган япон тилинен айырмаланып турат экен. Бат сүйлөшсө угасыӊ, бирок айрым жерлерин түшүнбөй каласыӊ. Сени окуткан мугалимдерге көнүп алсаӊ, Японияга келгенде башында бир аз кыйналасыӊ. Кийин акырындап жергиликтүү эл менен сүйлөшүп, көнүп кеттик. Бул жакта таанышыӊ болсо сүйлөшүп, кобурашып, шаар кыдырсаӊ болот. А сени эч ким тааныбаса, таанышыӊ жок болсо эч жакка чыга албайсыӊ. Бизде паркта же автобуста отурганда тааныбаган бирөө менен эле сүйлөшүп кете бересиӊ го. Японияда автобуска отурсаӊ сага эч ким көӊүл бурбайт. Китеп окуп же телефонун карап, жер карап отурушкан болот. Бири-бири менен каткырып сүйлөшүү деген жок. Жүрүм-туруму боюнча тарбия абдан катуу экен.

Адамгерчилик бардык жерде жакшы…

Ошентип өзбек досум экөөбүз күндүз окуп, кечкисин аталган ресторанда иштеп жүрдүк. Биздин тактыгыбыз, иштин көзүн бат үйрөнүп кеткен жөндөмдүүлүгүбүздөн улам жетекчибиз бизди кетиргиси келген жок. А биздин окуубуз аяктап калган. Кыргызстанга кетсек кайра келишибиз да күмөн болчу. Ошол себептен жетекчибиз Япониядагы жеке менчик мектептен билим алууга кеӊеш берди. Ал жеке мектеп мугалимдик кесипке даярдайт экен. Өзбек досум экөөбүз документти тапшырып коюп, жообу келер деген ой менен Кыргызстанга келе бердик.

Бирок ал мектепке бир жылга 7 миӊ доллар төлөшүбүз керек эле. А бизде андай акча жок, бөлүп төлөөгө макулдаша келдик. Кыргызстанга келгенибизде бат эле артыбыздан аталган мектептен чакыруу келди. Бирок 7 миӊ долларды дароо төлөгүлө, болбосо виза ачылбайт дешти. А биз акча таппай, Япониядагы жетекчибизге телефон чалсак карызга акча берүүгө макул болду. Багыбызга жазган экен, кайрадан Японияга келдик. Күндүз мектепте окуп, кечинде ресторанда иштеп баштадык.

Ашпозчу болом деп эч кыялданчу эмес элем…

Бала кезден ашпозчу болом деп кыялданган эмесмин. Кийин деле ашпозчулук боюнча эч кандай ой болгон эмес. Бала кезде дарыгер, учкуч болом дечүмүн. Бирок азыр деле өзүмдү кыйын ашпозчумун деп айта албайм. Ашпозчулук да өзүнчө искусство десем болот. А мен жөн гана иштей бербей, кетирген каталарымды жазып жүрүү үчүн блокнот ачып алдым. Бардык тамакты тизмектеп жазып, өз алдымча да ой жүгүртүп жүрдүм. Ошону кайра кайталабай, аны өнүктүрүп, өстүрүш керек дедим.

Япон жумушчулар мени көрө албай, жетекчиге жамандап жүрүп, акыры жумуштан кетиришти…

Үйлөнгөндөн кийин мектепке төлөй турган акчам жок болуп, ал жактан чыгып алдым. Ресторанга мени кошумча кечинде иштей турган студент катары эмес, толук кандуу жумушчу катары кабыл алышты. Ошентип япон ашпозчулары менен теӊелип иштей баштадым. Айлык башында аз болсо, акырындан көтөрүлдү. Эстесем кыйынчылыктар абдан көп болду. Азыр иштеп жаткан жерде 7 кызматкер гана иштеп, 30га жакыны жөн гана келип-кетип иштегендер болчу. Бирөө эки саат, бирөө төрт саат иштечү. Ал эми кызматкерлер эртеден кечке чейин иштешет. 1 күн эс алсак, 6 күн жумуш болот. Ошол кызматкерлердин арасында ичи тардык, көрө албастыктар аябай көп, алар менен урушкан күндөр да болду. Анан алар мени жетекчиге жамандап айта беришип, бир күнү жетекчи урушканда арыз жазып чыгып кеттим.

Такаши мени кечир…

Токиодогу досум менен байланышып, ал жактагы чоӊ соода борборуна кызматчы болуп орноштум. Жарым жыл иштедим. Ошол жарым жылдын ичинде азыркы иштеп жаткан ресторандын кардарлары азайып, кызматкерлердин чыныгы жүздөрү ачылыптыр. Көп тамактары желбей, начар абалга келиптир. Ошол кезде өзбек досум иштеп жаткан болчу. Аны менен сүйлөшкөн күнү кечине жетекчим телефон чалып: «Такаши (Асылбек), мени кечир. Сени жамандаган эки кызматкердин чыныгы жүзү ачылды. Көрсө сен жаман иштебей эле, дал ошол экөө жаман иштечү экен. Мен аларды кетирдим. Сен келбесеӊ болбойт» - деди. Мен жетекчинин окуума жардам кылып берген 7 миӊ долларын унутпайт элем. Жакшылыкты кантип унутасыӊ? Ошонусун эске алып, бардым.

Биздеги администраторду алар тенчо деп коюшат. Мен барып иштегенден кийин аз убакыт өтпөй ресторандын жумушун толугу менен мага өткөрүп берип, тенчо кылып койду. Азыр толугу менен көзөмөл жүргүзүп калдым.

Ресторанды башкарып келе жатканыма 4 жыл болду. Ошол төрт жыл ичинде Кыргызстандан келген студенттерге жардам кылып, жумушка алып, аларды даамдуу тамактар менен сыйлап, айлыгын төлөп берип келем. Окуусун аяктап кеткен кыргыз студенттер Кыргызстанда мени күтүп жатышат. Эгер кафе ачсам кызматташууга даяр.

Бешбармактын япончо түрүн бышырдым...

Биз башка ресторандарга да барып изденебиз. Алар тизмеге кандай жаӊы тамак-аштарды киргизди деп баам салабыз, даамдап көрөбүз. Ошентип өз алдымча иликтеп, беш-алты тамак жасап чыгардым. Убактылуу тамак деп коёт. 2 айга болсо да жаӊы тамак-аш даярдап туруш керек. Ошондо жаӊы даамдардан ооз тийип кетиш үчүн кардарлар да көп келет.

Биздин бешбармактын япончо түрүн бышырып бердим. Жакшы көрүп жешти, жактырышты. Уйдун эти жана чык менен жасалган бешбармакты менюга кошкондо тез эле түгөнүп калып жатты. Жайында ысык тамакты бере бербестен, муздак тамак чыгарабыз.

Ал эми жетекчибиз биз менен Кыргызстанга барганда биздин тамактарды жеп көрүп, жакшы баа берди. «Бирок өтө күчтүү, майлуу, эттүү экен. Ошол себептен элдин көбүнүн курсактары чыгып турат экен», - деп күлгөн.

Мекенимди эстегенде…

Мекенимди сагынам, көп ойлоном. Кантип мекениме салым кошом деген түпөйүл ой кыйнайт. Бул жакта жашоо турмушубуз өз нугунда кетип жатат. Үй-бүлөм жанымда, эки кызымдын күлкүсүнө бактылуумун. Бирок жүрөктө бир өксүк өйүп турат, ал мекениме болгон кусалык. Мекениме барып, жөн гана тоосуна чыгып отургум келет же таза суусунан канганча ичип, шаардын парктарында жөн гана ойлуу отургум келет.

Бул жакта достор менен жолугуп, чер жазуу деген жок, ага убакыт да жетпейт. Досторумду да сагынам. Үй-бүлөлүк бакыт өзүнчө сөз. Ал эми мекенди сагынуу таптакыр башка кеп.

Японияда жүргөнүмө 7 жыл болду. Келечекте Кыргызстанга кайтам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×