Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусу, Токмок 02.02.2019 10:35 На русском

Токмокто 23 жаштагы кызды унаа сүзүп, ал ооруканада көз жумду

Автомобиль «Хонда Фит», совершивший наезд на 23-летнюю девушку
Автомобиль «Хонда Фит», совершивший наезд на 23-летнюю девушку

Turmush -  Кечээ, 1-февралда эртең менен Чүй облусунун Токмок шаарында жөө жүргүнчү кызды «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кетти. Ал кыз ооруканага жеткирилип, алган жаракатынын кесепетинен кечинде каза болгонун аймактык кабарчы билдирди. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын басма сөз кызматы бул окуяны тастыктады.

Маалыматка караганда, Токмок шаарындагы Дубобский көчөсүндө болжол менен саат 07:10 чамасында белгисиз автоунаа 23 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Ал ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

Токмок ШИИБдин кызматкерлери окуянын изи сууй элек кезинде автоунааны жана анын айдоочусун табышып, Токмок ШИИБге жеткирилген. Айдоочу тергөө бөлүмүнө тапшырылып, «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаа айып пул төлөнүүчү жайга токтотулду.

Айдоочу Токмок шаарынын 1998-жылы төрөлгөн тургуну экени белгилүү болду. Учурда териштирүү иштери башталды. Маркум да Токмок шаарынын тургуну болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×