Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусу, Токмок 01.02.2019 16:24 На русском

Дунларов көпүрөсүндөгү ок атышуу: Дастан менен Асхат 2 айга камалды

Turmush -  Токмоктун аймагында көзөмөл-өткөрмө пунктунун Дунларов көпүрөсүндөгү окуяга катышкан эки адам Бишкек шаарындагы №1 абакка камалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

26-январда ЖМКлар 25-январда түн ичинде Токмоктун аймагында, көзөмөл-өткөрмө пунктунун Дунларов көпүрөсүндө жүк ташуучу унааларды көзөмөлгө алууга жана таасир чөйрөнү бөлүп алууга аракет кылган эки жарандын ортосунда ок атышуу болгондугун жазып чыгышкан.

Аталган факт боюнча Токмоктон ички иштер органдарынын ыкчам-тергөө тобу чыгып, «Дунларов» көзөмөл-өткөрмө пунктуна барышкан. Окуя болгон жерди текшерүү учурунда бут кийимдердин издери жана автоунаанын шинасынын (дөңгөлөктүн кырына кийгизилүүчү темир же резинке алкак) протектору табылган. ММКда көрсөтүлгөн сүрөттөгүдөй автоунаа болгон эмес.

ММКларга чыккан билдирүүдөгү окуяны тактоо, окуянын күбөлөрүн жана жабырлануучуларды табуу максатында тиешелүү иш-чаралар жүргөн. Аталган күнү ички иштер органдарына бул окуяга байланыштуу эч ким арыз менен кайрылышкан эмес. Бирок ошого карабастан бул окуя тууралуу маалыматтар тарагандан кийин аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун (ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

«Коомчулук укук коргоо органдарынан бул окуя боюнча расмий маалымат күтүштү. Айрым жарандар ар кандай дооматтарды коюп, милициянын аракетсиздигин айыптап, алар аталган окуяны ММКдан билишет деп айтышты. Ушуга байланыштуу Чүй ОИИББ милиция кызматкерлери күн сайын иштегендигин, аталган окуяны тактоо жана ага катышкан адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды өткөрүшкөндүгүн билдирет», - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган окуяга байланыштуу бир катар адам күбө катары суралып, ошол эле учурда ММКда сөз болгон эркек киши дагы суралган. Алардын баарына жалган көрсөтмө үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертүү берилген. Күбө катары суралган жигит — 1989-жылы туулган Дастан аталган күнү үйүндө болгондугун, жогоруда айтылган окуя боюнча эч нерсе билбей турганын жана эч кимге дооматы жок экендигин билдирген.

1985-жылы туулган Асхат аттуу дагы бир күбө «Дунларов» көзөмөл-өткөрмө пунктунда болгон окуяны билбей тургандыгын, эч кимге дооматы жоктугун айтып, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Башка күбөлөр дагы, ошол эле учурда шаардык кеңештин депутаты дагы ушундай көрсөтмөлөрдү беришти.

2019-жылдын 25-январынан 27-январына чейин жогоруда көрсөтүлгөн адамдар Чүй райондук аймактык ооруканага жана Токмок шаардык аймактык ооруканага медициналык жардам үчүн кайрылышкан эмес.

28-январда социалдык түйүндөргө видеокайрылуу чыгып, анда окуянын катышуучуларынын бири — Асхат У. өзүнүн денесиндеги ок тийген жерлерин көрсөткөн. Токмок ШИИБдин тергөө кызматы Жазык-процесстик кодексинин 171-беренесине ылайык Токмок шаардык сотуна жогоруда көрсөтүлгөн адамдарды соттук-медициналык экспертизага тартуу боюнча өтүнүч менен кайрылган.

Мындан тышкары кандайдыр бир курал-жаракты көтөрүүгө жана сактоого уруксат документке байланыштуу текшерүү иштери жүргөн.

Алынган маалыматтар боюнча, бир гана У.Асхаттын газ травматикалык тапанчасы өзүнүн наамына катталган. Курал алынып,соттук-баллистикалык, соттук-трассологиялык экспертизалар дайындалды.

29-январда милиция кызматкерлерине Чүй аймактык ооруканасынан октон жаракат алган жаран түшкөндүгү боюнча билдирүү келген. Текшерүүнүн жүрүшүндө ооруканага 1989-жылы туулган Дастан Б. аттуу жаран жаткандыгы маалым болгон. Ал денесине жаракат келтирген 3 адамга чара колдонуу боюнча арыз менен кайрылган. Анын арызында 2019-жылы 25-январда көзөмөл-өткөрмө пунктунда аталган адамдар бейбаштык менен коомдук тартипти бузуп, жабырлануучуга карата ок атуучу травматикалык тапанчаны колдонушкан. Анын денесиндеги жаракаттын деңгээлин аныктоо максатында, соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

29-январда Чүй ОИИББ тарабынан Асхат У. экинчи жолу кайрадан суралып, 25-январда «Дунларов» көзөмөл-өткөрмө пунктундагы окуянын катышуучусу болгондугун, уруш учурунда өзүн коргоо максатында травматикалык тапанчасын алып чыккандыгы боюнча көрсөтмө берген. Дастандын дагы куралы болгон. Ошол эле күнү Асхат Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык шектүү катары кармалган. Ошондой эле денесиндеги жаратын жана анын деңгээлин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бирок октон алган денесиндеги жаракатына байланыштуу ооруканага жаткырылган.

30-январда Томок ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки тергөө иштеринин алкагында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кылмышка шектүү катары Б.Д. аттуу жаран кармалган. Азыркы тапта ал стационардык дарылануудан өтүп, ооруканага куралдуу конвой коюлган.

31-январда Чүй соту тарабынан Б.Дастан Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-2-пункттарынын негизинде (өмүргө жана саламаттыкка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен; алдын ала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу менен) жана 39-130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-4-пункттарынын негизинде (бейбаштык, киши өлтүрүүгө аракет жасоо) кылмышка шектүү катары Бишкек шаарындагы №1 абакка 2 айга киргизүү чарасы кабыл алынды.

Мындан тышкары Аламүдүн районунун соту тарабынан У.Асхат Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-2-пункттарынын негизинде (адамдардын тобу же алдын ала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан ок атуучу, газ-травмалык куралдарды, бычактарды, кастеттерди жана башка дүрмөтсүз куралдарды, же болбосо ден соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка предметтерди колдонуу же колдонуу аракети менен ден соолук зыян келтирүү) негизинде кылмышка шектүү катары Бишкек шаарындагы №1 абакка 2 айга киргизүү чечими кабыл алынды.

Учурда бул материал боюнча кийинки ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×