Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуСокулук району 01.02.2019 09:46

Элдик уламыш: Тойго барган кара сакалчандар Сокулуктагы айылдын аталышына себеп болгон (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызы-Туу айыл аймагындагы Кара-Сакал айылы болжол менен 1930-жылдардан кийин түптөлгөн. Учурда айылда 600дөй адам жашайт. Айылдын аталышы тууралуу уламышты айыл башчысы Кубатбек Малбашев айтып берди.

Анын айтымында, айылдын аталышы тууралуу элде так маалымат жок. Бирок эл ичинде ар кандай версиялар айтылып келет.

«Элден, ак сакалдардан сурасам так, даана маалыматтары жок экенин белгилешкен. Бирок ар кандай божомолдор бар. Алардын бирин айтып берейин. Илгери той-топурга ата-тегибиз ат менен барышчу. Тоолорду, ашууну ашып же жөн гана жайык талаа менен чакырган жерге жетип барышкан экен. Тойлордун бирине ушул айылдык кишилерди да чакырышыптыр. Тойго сүйлөшүп алгансып жалаӊ кара сакалдуу адамдар барышыптыр. Алар адыр тоодон түшүп келе жатышканда ал жердеги адамдар "тигил кара сакалчандар кимдер?" деп, карап калышкан экен. Ошондон улам кара сакалчандардын айылы деп аӊыз болуп жүрүп, айылдын аты да ошентип аталып калган дешет», - деди ал.

Кара-Сакал айылынын көпчүлүк тургундары мал чарба, айыл чарбачылык менен жан багышат. Айыл Бишкек шаарынан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан.

«Айылыбыз чакан, элибиз ынтымактуу. Учурда 120 түтүн, тактап айтканда 600 киши жашайт. Айылда ФАП, маданият үйү жана мечит бар», - деди айыл башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×