Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуКемин району 01.02.2019 09:39 На русском

60 жаштагы адам түндө дүкөнгө кирип, суусундуктарды талкалап, дубалга уят сөздөрдү жазып кеткен

Turmush -  Кемин райондук соту 1958-жылы туулган Юрийдин (аты өзгөртүлдү Г.Ю.А) кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 2018-жылдын 28-майында саат 23:00 чамасында мас болуп алып, дүкөнгө урулукка кирген. Ал жактан сыналгыны сындырып, суусундуктарды төгүп, 20 миң сомдук товарды талкалаган. Андан кийин компьютердин тетигин жана анын АСЕR мониторун уурдап кеткен. Ал сотто ошол күнү мас болгондугун айтып, катуу жаза бербөөнү суранды. Ал мындай иштерге экинчи барбай тургандыгын айтып, келтирилген чыгымды төлөп берерин айтты.

Дүкөндүн ээси соттолуучудан 58 миң 945 сом зыянды жана 50 миң сом моралдык зыяндын ордун өндүрүп берүүнү суранды. Анткени дүкөндө көп нерселер талкаланып, андан тышкары дубалга жаман сөздөр жазылган.

Сот Юрийди күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыратты. Андан тышкары 10 миң сом айып салды. Сот 4 жыл жазаны 2 жылдык шарттуу жаза деп эсептөөнү чечти. Андан дүкөндүн ээсине 58 миң 945 сом өндүрүлүп берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×