Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 31.01.2019 16:17

Айыл турмушу: А.Шумкарбекова волейбол боюнча Кыргызстандын спорт чебери наамына татыды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 22 жаштагы тургуну Алия Шумкарбекова волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамына татыды. Ал ата-энесинин колдоосу менен 7-классынан тарта спорт менен машыгып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 4-курста билим алат.

«Негизи спорт чебери наамын тааныш-билиштерди ортого салып алса болот деген имиштер бар болчу. Анысы канчалык чындыкка дал келерин билбейм, бирок мен ɵз күчүм менен жетеримди белгилеп, андай жолдон баш тарткан элем. Ошентип тынымсыз машыгуунун жана спортто өзүмдү көрсөтө алгандыгым менен бул сыйлыкка татыдым. Жетекчилик аракетимди баалашты. Кандай гана спортчу болбосун мындай колдоо демге-дем, күчкө-күч кошуп берет.

Кудайым буюрса жетишкен ийгиликтерибиз көп. "Салам Алик" командасы менен Кыргызстандын чемпиону, волейболду көл жээгинде ойноо боюнча Кыргызстандын эки жолку, студенттер арасындагы универсиададан эки жолку чемпион болгонбуз», - деди ал.

Алиянын ата-энеси спортко жакын болуп, Алияга кичинекей кезинен ар кандай көнүгүүлөрдү жасата беришчү. Алиянын айтымында, спортко аралашып калышына ата-энесинин салымы чоӊ.

«Негизи ата-энем спортко жакын кишилер. Атам жаштайынан волейбол ойноп жүрүп кийинчерээк шартка байланыштуу таштап койгон экен. Мага кичинекей кезимде эле ар кандай көнүгүүлөрдү жасата берчү. Өзү спорттон алыстап калганы менен абдан кызыгат. Спорт тармагын тандап алышыма атам менен апамдын салымы өтө чоӊ десем жаӊылышпайм.

Буга чейин бир топ спорт клубдарда ойноп келгем. Бирок, Бишкектин волейбол боюнча "Салам-Алик" кыздар тайпасына кошулгандан тарта ийгилик жылмая баштады. Бул жактан бир топ кыялдарымды орундаттым. Мисалы, бир нече жолу чемпион аталдык, Баку, Новосибирск шаарларына барып оюн кɵрсɵтүп келдик. Негизи командабызда 12 кыз бар, алардын жетɵɵ оюн талаасына чыгабыз», - деди ал.

Алия Шумкарбекова Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында 1997-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

«Атам Нурдин, Апам Назира. Эки иним бар. Максаттарымдын эӊ башкысы, окуумду ийгиликтүү аяктап алсам дейм. Волейбол боюнча машыктыруучу болуп, келечекте шакирт тарбияласам, аларды дүйнөлүк мелдештерге катыштырып, Кыргызстандын атын алыска таанытсам дейм. ϴзүбүздүн айылга спорт комплекс куруп, жаштарды дени сак жашоого үндɵсɵм деген да аруу тилегим бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×