Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуМосква району 31.01.2019 08:20 Жаңыланды: 31.01.2019 09:14 На русском

«Үйүнөн 6600 сом уурдап кеткен»: Москва районунда 16 жаштагы Таңсулуу Борбиева дайынсыз болууда

Turmush -  Москва районундагы Беловодск айылынын 16 жаштагы тургуну Борбиева Таңсулуу изделүүдө. Ал 2002-жылы 13-августта төрөлгөн. 47 жаштагы атасы Жекшеналы Кенжекулов кызынын дайынсыз жоголгондугу жөнүндө аймактык кабарчыга кабарлады.

IMG-20190130-WA0050

Анын айтымында, 2019-жылдын 9-январында күндүзгү саат 11:00 чамасында кызы үйдөн 6600 сом уурдап чыгып кеткен.

IMG-20190130-WA0051

«Кызым Таңсулуу Борбиева Москва районундагы №28 кыргыз-орус кесиптик лицейинде окучу. Ошол күнү, тактап айтканда 9-январда курбусу Айгүл аялдамада күтүп турган. Кызым 11 жаштагы иниси Канжарбекти ээрчитип көчөгө чыгат да, кайра аны үйгө тез жөнөтүп, курбусун көздөй жөнөйт. Ошондон бери кайда экени белгисиз. Курбусу Айгүл телефондон "кызыңыз Бишкек шаарында жүрөт, жакында барат" деп, байланышты үзүп коёт. Биз чалсак албайт же телефону өчүрүлгөн болот. Апасы Россияда иштеп жүрөт. Мен балдарым менен үйдөмүн», - деди ал.

Москва РИИБ учурда издөө иштери жүргүзүлүп, тийиштүү органдарга да кайрылып жаткандыгын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×