Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуСокулук району 31.01.2019 08:04

Сокулукта 9-класстын окуучусу асынып турган абалда табылды

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Давха-Сокулук орто мектебинин 9-классынын окуучусу асынып турган абалда табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти. Окуя 28-январь күнү болгон.

Бул окуяны аталган мектептин директору Мукаддас Молдоказиева тастыктады.

«Жакшы окуган бала болчу. Жоош, бир калыпта жүргөн, ийкемдүү эле. Классташтарына сабактарынан жардам берчү. Мектептен ал бала менен эч кимдин пикир келишпестиги болушу мүмкүн эмес. Үлгүлүү окуучу болчу.

Бала сабактан үйүнө саат 14:30 чамасында барыптыр. Ал эми кырсык саат 17:30 -18:00 чамасында болуптур», - дешти мугалимдер.

Ал эми айыл тургундарынын айтымында, маркум ата-энеси, бир туугандары менен чогуу жашачу.

«Кара-Кужурдан көчүп келип, Сокулук районуна отурукташып калышкан. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси болгон. Ата-энеси болуп чогуу эле жакшынакай жашашчу», - деп билдиришти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×