Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусу, Токмок 30.01.2019 17:31 Жаңыланды: 30.01.2019 18:24 На русском

Видео — Дүкөнгө ат менен кирген токмоктук жигит

// «Репортер АКИpress»

Turmush -  Токмок шаарындагы чоң дүкөнгө аты менен кошо кирип барган жигит ошол учурда мас абалда болгон. Эми ал мындай жоругуна уялып жатат.

Социалдык түйүндөргө тараган видеотасмага байланыштуу Чүй ОИИБ маалымат берип, атчан адам Токмок шаарынын 39 жаштагы тургуну О.Н. экенин билдирди. Ага карата түшүндүрүү иштери да жүргүзүлгөн. Ошондой эле бул окуяга байланыштуу Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 81-беренеси (Көчөлөрдө, стадиондордо, скверлерде, коомдук транспортто, башка коомдук жайларда баңгизат каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды колдонуу же спирт ичимдиктерин ичүү, ошого тете коомдук жайларда адамдык кадыр-баркты, коомдук адеп-ахлакты мазактоочу мас абалында жүрүү) боюнча протокол түзүлдү.

Бул берене менен 3-категорияда айып салуу каралган. Анын көлөмү – жеке адамдар үчүн 5,5 миң сом, юридикалык жактар үчүн 17 миң сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×