Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуКемин району 30.01.2019 14:51

Айыл турмушу: Балбан К.Кочорбаев машыктырган элеттик балдар эркин күрөштө ийгиликтерди жаратууда

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылынын тургуну Калмир Кочорбаев 1983-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Ал 23 жылдан бери спорт менен машыгып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Чым-Коргон айылында жаш өспүрүмдөрдү спорт менен машыктырып, алар менен чогуу көптөгөн ийгиликтерди багындырган.

«Айылда кыргыз күрөшү боюнча мелдеш болот экен деп калышты. А, менин окуучуларым эркин күрөш менен машыкчу. Мелдешке 2 күн калыптыр. "Окуучуларым катышалы" дейт. "Макул катышалы, бул күрөштөрдүн эрежелери окшош. Атаандашыңардын эки далысы теӊ жерге тийсе эле утасыӊар" дедим. Алгач бир окуучумду чыгардым. Ал тез эле каршылашын жерге көтөрүп чаап, далыларын тийгизип утуп келди. "Оӊой эле экен" деп күлдү эле, калган окуучуларым да чыга баштады. Ошентип биздин окуучулар биринчи жолу кыргыз күрөшү менен мелдешке чыкса да, үч бала 1-орунду, дагы үчөө 3-орунду алышкан. Анда беттеш 5 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында болгон», - деди ал.

Элеттик машыктыруучу Бишкек шаарындагы №76 орто мектебинен билим алган.

«7-классымда Бишкек шаарына көчүп келип, Көк-Жар жаӊы коӊушунда жашап калдык. Ошондо грек-рим күрөшүнө кызыгып, 2 жыл машыктым. 10-классымда Көк-Жардан ГЭС-2ге көчүп кеткенибизге байланыштуу ошол жердеги залда бир жылдай эркин күрөш менен машыгып калдым. Дал ушул машыгуу залынан жаракат алып, күрөштү 6 жыл таштап койдум. 2006-жылы Москва шаарында иштегени кеттим. Ал жактан да спортту кайрадан жандандырып, бир жарым жыл машыктым. Ошентип 2014-жылы Кемин районунун Чым-Коргон айылына көчүп келип, учурда спортко шыгы бар балдарга машыктыруучу болуп иштеп келе жатам.

Айылдагы машыгуу залда жалпы 55 бала машыгат. Алардын ичинен жети бала ийгиликтерге жетишип, намысты коргоп келишүүдө. Алды 20-30 медалдын ээси болду», - деди ал.

Калмир үй-бүлөлүү, 2 кыз, 4 уулдун атасы.

«Келечектеги максатым, 2028-жылы олимпиадага катышсам дейм. Өзүм күрөштөн сырткары көк бөрү оюнуна да кызыгып, катышым келем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×