Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЫсык-Ата району 30.01.2019 10:35 На русском

Бишкектик кызды зордуктоого шектелип милиция кызматкери кармалды

Turmush -  Новопокровка айылында бишкектик кызды зордуктоого шектүү катары милициянын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ысык-Ата РИИБге Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну Б.Т. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 27-январында болжол менен саат 04:00 чамасында Новопокровка айылындагы БЧКнын жанынан чала тааныштары күч колдонуп зордуктаганын айткан. Аталган факт «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасына киргизилген.

Кылмыш кодексинин 161-беренесине (зордуктоо) ылайык тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүлөрдүн бири — Чүй облусунун 36 жаштагы И.К. аттуу тургуну кармалган. Ал милиция кызматкери, тактап айтканда Свердлов РИИБдин нөөмөт бөлүмүндө жардамчы, милициянын сержанты болгон.

Азыркы тапта кармалган И.К. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш, операвтивдүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×