Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусу, Токмок 29.01.2019 23:09

Айыл турмушу: Волейболчу Мадина премьердин колунан алкыш барагын алган (сүрөт)

Turmush -  Мирлан кызы Мадина 1995-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында төрөлгөн. Ал 2013-жылы Токмок шаарынын М.В.Фрунзе атындагы №7 орто мектебин аяктап, ошол эле жылы Бишкек шаарындагы Академик У.Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологияларынын институтуна тапшырып, аны 2017-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Учурда ушул эле институттун магистратура бөлүмүнүн 2-курсунун студенти.

Окуудан сырткары волейбол менен машыккан Мадина С.Жээнбеков премьер-министр болуп турганда анын колунан алкыш барагын алган.

«Спорттун волейбол түрү менен 5-класстан баштап алектенем. Анын эрежелерин мектепте дене тарбия мугалими Абдыкалый Дюшембиев үйрөтүп, ошондон улам кызыгуу жаралган. 7-класстан баштап Токмок шаарынын спорт мектебинде машыктыруучу Ильин Алексей Анатольевичтин колунда тарбияланып, машыгып жүрдүм. 11-классты аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы клубга келип, азыркы учурга чейин машыктыруучусу Айсаходжиев Абдухамид Халимовичтин колунда тарбияланып келем.

Спортко аралашкан жылдар аралыгында көптөгөн мелдештерге барып, бир топ ийгиликтерди жараттык. 2017-жылы Азербайжандын Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында коло медалын жеӊип келгенбиз. Бул учурда С.Ш.Жээнбеков премьер-министри болуп турган. Ал аталган оюндарынын катышуучуларына алкыш барагын берген», - деди ал.

Мадина кокусунан чечилип кеткен бут кийиминин арты менен упай алып, жеӊишке жетишкенин унутпайт.

«Окуудан жана спорттон бошой калсам апама жолукканы шашам же кошумча билим берүү курстарынан чет тилдерин үйрөнөм.

Достук беттеште оюн жүрүп жатканда бир бут кийимимди артымдагы оюнчу басып алып, чечилип кетип топ жерге түшкүчө бут кийимди сыйпалап издеп калдым. Ошондо аз жерден утулуп кала жаздаганбыз. Жанымда турган кыз шамдагайлык менен топту тосуп, каршылаш тарапка узатып жиберип упай алганбыз. Себеби, мен топту тоспой, бут кийимимди издеп калганда, атаандаштар «биз уттук, топ кирди» деген ой менен өздөрүнүн жеӊишине эрте сүйүнүп жиберишкен. Аларды көздөй топ кетип, аны байкоосуздан тосо албай калышкан», - деди ал.

Мирлан кызы Мадина 1995-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында төрөлгөн.

«Апам Дамира Өмүралиева, Алина аттуу сиӊдим бар. Ал мектеп окуучусу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×