Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусу, Токмок 29.01.2019 14:32

Жаш талант: Ырчылар менен тең тайлашып тойлордо ырдаган Айдар апасынын кем-карчына жардам берет (видео, сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарынын 11 жаштагы кичинекей тургуну, ырчы Айдар Садыбакасов 7 жылдан бери ар кандай кароо-сынактарга катышып, той-мааракелерде ырдап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ырга болгон кызыгуусу 4 жашынан башталган.

«Мен ар кандай кароо-сынактарга катышып, той-мааракелерде ырдап келе жатканыма 7 жылдын жүзү болду. Куттуу сахнага чыгып ырдоодон ырахат алам, мага жагат. 4 жашымда музыка коюп, вилканы микрофон кылып ырдачумун. 4 жашымда "Сары-Өзөн чолпондоруна" катышып, диплом, мактоо баракча алгам.

Келечекте эл керегине жараган ырчы, тамада болсом дейм. Бош убактымда сабагым менен алектенем», - деди ал.

Жаш ырчы үй-бүлөдө жалгыз бала.

«Мен Нарын облусунун Казан-Куйган айылында 2007-жылы төрөлгөм. Апам бар, кудайга шүгүр», - деди ал.

Апасы Гүлкайыр Абдубалиеванын айтымында, Айдар Садыбакасов тойго чыккан күндөрү 3000-4000 сом таап алат. Бул каражат Айдардын кем-карчын жана үйгө майда-чүйдөлөрдү алууга жетет.

«Балам чоң баладай жүрөт, өтө сезимтал. Бир нерсени тез эле илип алат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×