Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЫсык-Ата району 29.01.2019 11:18 На русском

«Аскерден кийинки жашоосун билбейт»: Көк бөрүдө эс тутумун жоготкон Д.Жакеевдин учурдагы абалы (сүрөт)

Turmush -  Дастан Жакеев 2018-жылдын май айында Бишкектеги «Ак кула» ат майданында өткөн көк бөрү боюнча Чүй облусунун чемпионатында жаракат алып, анын кесепетинен эс тутумун жоготкон. Атасы Алишер Жакеевдин айтымында, Дастан учурда аскерге барганын гана билет. Азыр ал Бишкек шаарында дарыланып жатат.

Улакчы 1999-жылы Чүйдөгү Ысык-Ата районунда төрөлгөн.

«Азыр кыймылдап, сүйлөп калды. Денесинин сол тарабы кыймылдабай жатат. Бизди чала-була тааныды. Эс тутумун жоготуп коюп, аскерге барганын, андан мурунку кээ бир окуяларды эстеди. Бирок аскерден кийинки жашоосун билбей жатат. Улакчы болгонун да билбейт экен. Башында өзүн тааныгандай болду эле, азыр өзүн да тааныбай калды», - деди атасы.

Алишер Жакеев: «Өзүӊөр билгендей, кырсык болгондо Бишкектин ооруканалары жакшы диагноз кое албай коюшкан. Комада эки ай жатып, акыры жылыш болбогонунан Казакстанга барып дарылаттык. Ошол Казакстандан денесиндеги бир топ сыныктарды, баш-сөөктөн жаракат алганын аныкташты. Кыргызстандан болсо жамбашы эле сынды дешкен. Эми болсо Республикалык ооруканага нейрологияга алып барып, дарылатканы жатабыз. Ага кезек күтүшүбүз керек экен. Майып деген маалым кат алууга Казакстандын ооруканасы жазып берген кагаздар жарабайт экен. Ошондуктан бир сыйра дарылануу үчүн ооруканага жатыш керек болуп калды. Анткени бул жактан көп жери таза болуп чыккан. Эми ошол таза деп чыккан анализдерге булар маалым кат бере албайт экен. Ушундай көйгөйлөр болуп жатат», - деди.

Атасынын айтымында, кырсык болгон күнү — 19-майда Чүй облусунун чемпионатында 8 тайпа ойноп жаткан. Ошол маалда көк бөрүчү Дастан Жакеев аттан кулап, башы жылкынын туягына тийген.

«Чүйдүн күчтүү-күчтүү тайпалары ойноп жатышкан. Окуя болжол менен саат 17:20 чамасында болду окшойт. Жумуш убактыбыз бүттү дегенсип, тез жардам унаасы да кетип калган болчу. Бирок биз ооруканага тез жеткирип барууга аракет кылдык. Дарыгерлер 10-15 мүнөт кечиккениӊерде эмне болмок билбейбиз дешти. Убагында жеткириптирбиз. Балам аман калды, ушуга кудайга шүгүр кылып жатабыз», - деди ал.

Жаш улакчы үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу.

Тема боюнча: Сүрөт: Манас Ниязовдун формасын 80 миң сомго алган ишкер аны мелдеште жабыркаган улакчыга берди

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×