Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЖайыл району 29.01.2019 09:05

Cуусамырда катуу сууктан окуучулар бир жумага каникулга тарашты

Turmush -  Cуусамыр өрөөнүндө катуу сууктан окуучулар бир жумага каникулга тарашты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга тарых мугалими Насыпбеков Шеримбек билдирди.

Анын айтымында, Суусамырда сууктун айынан мектепке келбеген окуучулардын саны көбөйгөн.

«Абанын температурасы - 40 градуска жеткендиктен сасык тумоодон келбей калган окуучулар да жок эмес», - деди ал.

Учурда бул өрөөндө 5 мектеп бар. Суусамырда кардын калыңдыгы тизеден келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×