Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуЫсык-Ата району 29.01.2019 08:20

Чүйдө аксакал адамдын короосунан бир түндө 38 баш мал уурдап кеткен адамдар кармалды

Turmush -  27-январда түндө Ысык-Ата районунда 38 баш жандык мал уурдоого шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын 63 жаштагы тургуну К.Э.нин сарайына уруулар кирген. Алар сарайдын эшигин талкалап кирип, 38 баш жандык малды уурдап кетишкен. Аталган факт Ысык-Ата РИИБде каттоого алынган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип Нарын облусунун 30 жаштагы тургуну Т.Н., Чүй облусунун 29 жаштагы тургуну Т.А., Нарын облусунун 30 жаштагы тургуну С.Э. кармалды. Алар сурак учурунда кылмыштарын мойнуна алып, 2 баш жандыкты базарга жеткирип сатууга үлгүрүшкөндүгүн айтып беришти.

Бул адамдар Кемин, Кочкор, Чүй, Ысык-Ата райондорундагы башка кылмыштарга да шектелип жатат. Аларга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×