Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЧүй району 28.01.2019 14:27 Жаңыланды: 28.01.2019 18:34

Тагдыр: 2,5 жашында жол кырсыкта апасынан айрылып, өзү баспай калган Айнуранын жашоодогу жеңиштери (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун 37 жаштагы тургуну Айнура Телеушева кичинекей кезинде үй-бүлөсү менен жол кырсыкка кабылып, андан улам баспай калган. Бирок ал жашоодогу кыйынчылыктарга карабай, алдыга койгон максаттарын ишке ашырып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жол кырсыктын кесепетинен ал апасынан жана чоң атасынан айрылган.

«Үй-бүлөбүз менен жол кырсыкка кабылганда мен 2,5 жашта экенмин. Биздин унааны жүк ташуучу «КамАЗ» унаасы сүзүп кетиптир. Жол кырсыктын кесепетинен апам жана чоң атам каза болду. Атам экөөбүз ооруканага түштүк. Мага сөөк булчуңдар системасы жабыркаган деген диагноз коюшту. 6-7-нерв клеткалары жабыркагандыктан баспай, майыптык арабада отуруп калдым. Менин балалыгым үйдө өттү. Стационардык билим алдым, мугалимдер үйгө келип сабак өтүп кетишчү. Ошентип мектептин программасын үйдөн өкуп бүттүм.

34

1999-жылы мага Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде жогорку билим алууга жардам беришти. Ошол убакта билим алууну каалаган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар аз болчу, анткени имараттарга кирүүгө мүмкүн эмес эле. Тоскоолдуксуз окуу жайга баруу оор болчу. Бирок окуу жайдын дизайн-архитектуралык чөйрө кафедрасынын башчысы Валерий Дмитриевич мени колдоого алып, ректор менен сүйлөшүп, лифтти иштетип берүүгө жардам берди. Ошондон кийин мен дагы кадимки студент катары окуп баштадым. Алгач чоң стресске кабылдым, анткени жаштар көп окуган мекемеде билим алып көргөн эмесмин. Ошентсе дагы окууга болгон каалоом күчтүү болгондуктан мага жардам берген досторум дагы көбөйө баштады. Ошол студенттик жылдарым мен үчүн эң бактылуу учур болду. Анткени өзүмдү майып сезбей, башкалардын катарына кошулуп окуп жүрдүм. Досторум дагы мени алар сыяктуу адам катары эле кабыл алышты. Ошентип окуу жайды ийгиликтүү аяктадым», - дейт ал.

Анын айтымында, ал университетти аяктагандан кийин көп уюмдарда иштеген.

«Окуу жайды бүткөндөн кийин ар кандай уюмдарда иштеп баштадым. Алгач Мирбек Асангариев менен бирге жаш майыптардын кыймылында иштеп, андан кийин банкта менеджер болуп эмгектендим. Андан соң социалдык жашоого багытталган иштерге кайтып келүүнү чечтим. Учурда "Love-Life" коомдук фондун жетектейм. Биз мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды искусство жана маданият аркылуу коомго тартуу боюнча иштейбиз. Азыр өзүбүздүн студиябызда арабада отуруп бийлегенди үйрөнүп жатабыз. Эми бий боюнча олимпиада оюндарына катышууну пландап, учурда машыктыруучуларды издеп жатабыз», - деди ал.

33

Ошондой эле Айнура Телеушева жашоосунда кыйынчылыктар көп болгонун айтат.

«Эки бир тууган эжем бар, мен эң кичүүсүмүн. Апам жол кырсыкта каза болуп калгандан кийин атам бизди жалгыз тарбиялады. Атамдын колдоосу менен билим алып, университетти аяктадым. Атам жана эжелерим мага азыркыга чейин колдоо көрсөтүп келишет. Жашоомдо кыйынчылыктар көп эле болду. Адамдар мүмүнчүлүгү чектелген инсандарды такыр түшүнүшчү эмес. Алар арабада отурган адамдар кадимки адамдарга окшош деп кабыл алышчу эмес. Кээ бир адамдар «эмнеге окуп, иштеп жүрөт, андан көрө үйдө эле отурбайбы» деп айтышчу. Бирок колдогондор дагы бар. Мындай кыйынчылыкка туш болгон адамдарга эң негизгиси моралдык колдоо керек экен», - деди Айнура Телеушева.

Ошондой эле ал турмушка чыгып, балалуу болгонун белгиледи.

«Азыр 8 жаштагы уулум экөөбүз өзүнчө жашап жатабыз. Жаңы максаттарды, пландарды коюп, аларды ишке ашырууга аракет кылуудабыз. Кээ бир адамдар колу-буту иштеп турса дагы жашоонун жыргалын сезбей, дайыма нааразы болуп, кабагын бүркөп, маанайы суз болуп жүрүшөт. Эмне максат менен иштеп жүргөндөрүн билбеген адамдар дагы бар. Баардыгы адамдын ой жүгүртүүсүнө жараша болот окшобойбу. Максатка умтулуп жашоого эмне жетсин?!», - дейт ал.

35

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×