Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуПанфилов району 28.01.2019 13:07

«Гитара алууга мүмкүнчүлүгүм чектелүү»: Муздан жыгылган соң «Көк жылгаякты» жараткан К.Асанов

Turmush -  «Көл үстүндө көпкөк көк жылгаяк, Бара жатат андагы эл абайлап...» деген ыр саптарын жараткан «Көк жылгаяктын» автору — 74 жаштагы Карагул Асанов Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылынын тургуну. Анын балалык, жаштык курагы туулуп өскөн айылында өттү. Кадимки эле балдардай кышында жылгаяк тээп, жайында тал чыбыкты ат кылып, кайда жумшасаң аны «камчыланып» чаң сапырып, бактылуу балалыктын бешигине бөлөнгөн. Бирок качандыр бир мезгилде «...Эл артынан мен дагы бара жатам, Шылдың болуп калбайын деп,

Башты жерге салбайын деп, Көк жылгаяк» деген ыр түрмөгүн жаратып, оболотуп обон созуп, тааныш-бейтааныш автор болуп каларын ойлоп да, сезип да көрбөгөн. Анын калеминен сөзү, сезиминен обону жаралган «Көк жылгаяктын» жаралыш, таралыш тарыхы менен аймактык кабарчы таанышты.

Ою тунук, сезими сергек, сөзү маңыздуу Карагул аксакал таңдан кечке үй иштери менен алек. 67 жаштагы Бермет байбичесине жардам берип, айыл жаңылыгын, аалам жаңырыгын да ой бөлүшөт. Телерадиодон «Көк жылгаяк» жаңырганда «Чоң ата, сиздин ырыңызды ырдап жатышат. Биздин чоң атабыздын ыры. Уккула!» дешип неберелери чуркап келгенин айтып, көз алдына тартып элестете сыймыктанат. «Көк жылгаяктын» жаралуу таржымалына суктануу менен токтолот.

«Каптал-Арык айылы куттуу жер. Жараткан ыр себелеп өткөнбү, чачыласы чачылганбы көктөнбү, айтор Алыкулдай алп акынды берген жер, поэзиянын күчүнө ширелген эл. Ушул ой сүртүмүнөн алып караганда менин “Көк жылгаякты” жаратышым мыйзам ченемдүү эле көрүнүштөй. Бирок кандай таризде, шартта жаралганы андан да маанилүү.

Ошентип, бой жеттим. Каптал-Арык жети жылдык мектебин бүткөн соң, Сокулуктагы кесиптик-техникалык окуу жайдан билим алдым. Андан соң армияга аттандым. Азыр ойлоп кетем да... Мен армияга барбай эле чыгармачылыкты чыйралткан гастролго келгендеймин. Дегеним чыныгы талантым ошондо ачылды. Саратов облусунда кызмат өтөп, орус балдардан 7 кылдуу гитараны тез эле өздөштүрүп алдым. Бара-бара колдорум ийкемге келип, аларды таң калтырчу болдум. “Карагул, сен ойносоң. Бир башкача ритмде Ала-Тоонун бүркүтүндөй шаңшышат экенсиң. Ойно, биз ырдайлы” дешип гитараны мага сунушчу.

“Устатынан шакирти өтөт” дегендей шарт гитараны көкүрөгүмө бөлөп, жүрөгүмдүн согушун кылдарына жөлөп, ойногондо теребел шаңга толуп кетчү. Аттиң... Ал күндөр артта калды. 3 жылдык милдеттүү мөөнөтүмдү аяктап келген соң, айыл турмушуна жуурулуштум. Кыш мезгили эле. Күн суук. Жол тайгалак. Көчөдө келе жатып, капыстан тайгаланып жыгылдым. Тумагым тегеренип тээ алыска барып токтоду. Чынын айтсам көзүмдөн от чагылыша түштү. Жамбашым катуу ооруксунуп калыптыр. Ар жагымды карасам эч ким жоктой. Акырын ордумдан туруп, кийимимди кагынып тумагыма жөнөсөм, буттарым чалыштайт. Баш кийимимди алдым да сылтый басып үйгө жөнөдүм. Бул окуяны эч кимге айтпадым. Атайын сурап калдыңар төкпөй-чачпай баян курайын.

Арадан 2-3 күндөй убакыт өттү. Эмнегедир гитара ойногум, ырдагым келет. Кылдарын күүгө келтирип черте баштадым. Обону менен сөзү бир уюлга уюп калып, жылуу сезимден эрип кеткендей обондуу ыр көкүрөктөн оргуп, көмөкөйдөн сызылды. Алгач эле азыркы саптагыдай эмес “Жер үстүндө көпкөк көк жылгаяк”, анан “Унутупмун таптакыр жылгаякты”, “Буттан тартты, жерде калдым мен чалкалап” жана башка баш аягы жок саптар обон ыргагын багындырып жатты. Билбейм андагы сезимди. Бул 1970-жылдар эле. Жарым кылымга тете убакыт. Кыскасы, бир ай мен да, гитара да, оюм да, боюм да тынбады.

Эртеден кечке күнүм да, түнүм да “Көк жылгаяк” болду да калды. Ошол, иним. Бир айдан кийин обону, сөзү “төрөлдү, торолду”. Досум Асан Сагынбаевич (ошентип атап коюшчу) экөөбүз ээрчишип, гитаранын коштоосунда көчөдө, тойлордо, оюн-зоок кечелерде ырдай берчүбүз. Кышы, жазы, жайы, күзү бизге баары бир болчу. Тапканыбыз, жакканыбыз “Көк жылгаяк” болгон. Ошондой күндөрдө айылдагы балдар, кыздар жаттап алышыптыр. Мына, болгон жөн-жайы. Элге тарап ырдалып жүрөт. Билгени билет, билбегени авторун билбей эле жүрөт. Мага эл арасында ырдалып жүрсө эле болду. Балдар жылгаяк тээп, ырдаганы мен үчүн сыйлыктан да сыйлуу», - деди ал.

Ооруп жүргөндөй, көңүлү чөгүп: «Үйдө карай турган мал деле калган жок. Балам ооруп жаткандыктан баарын сатып жибердим», - деп кесе жооп берип, ойлуу жер карайт. Эрмеги Ак төш аттуу күчүгү. Дептерлерге толгон ырлары. Күчүгүн эркелетип жылмая күлүп, ырларын кайра-кайра окуп, ышкы оту жанганда жаңыларын жазып коёт. Гезит-журналдарды барактап, поэзия саптарына көз чаптырат. «Бала кербез» аттуу балдар дүйнөсүнө арналган ыр топтом китепке «Эшегим», «Торпогум» жана башка ырларды киргизгенден көрө «Көк жылгаякты» деле кошуп койбойбу деген пикирин айтат. Арманыбы, же үмүтүбү мындай дейт:

«Гитарам жок. Аны сатып алууга мүмкүнчүлүгүм да чектелүү. Жүрөгүмдүн кылдарын гитара кылып чертип жүрөм. Баса, “Нан ырыскы” деген ырга обон жараткам. Кайсы бир радиого жаздырып кетишкен. Андан кабар деле жок. Жашоом “жок” деген сөзгө жанашып калгандай. Эми эсен болсок баары болор. 4 кыз, 2 уулдун ардактуу атасымын. 2 неберемди эки колума жетелеп, байбичемди коштой басып жүргөнүм эле өзүнчө бакыт, дөөлөт. Ырларым дептерде жашайт. Бири-бирине дем берип турат. Өздөрүнчө ар барагы түтүн булатып, башкаларын жөлөп келишет», - деди Карагул Асанов тамашалап.

Көп жылдарды камтыган ыр дептери көрүнүшүнөн эле туюлат. Өзгөчө «Кеч күз», «Селкинчек» аттуу ырларын жакшы көрөт.

Кеч күз

Төбөсү булут түз турат,
Кыш жакка кулак каккан.
Какайып терек түз турат,
Арылган жалбырактан.

Сыдырым кышты чакырат,
Келээр күнү нак болгон.
Тоолорго көөнүм тартылат,
Кара төөсү ак болгон.

Жайчылык бүтүп ара күү,
Тайып күчтөн аптап шок.
Соолугат мезгил алагүү
Ап балли, көмүрүм жок.

Селкинчек

Термелип канат бүтүп,
Балдарды кезек менен.
Учуруп улам көккө,
Байланып эки бакка.
Кендир жип бекер жаткан,
Айланды селкинчекке.

Тигинде жаңы тууган,
Маңдайы айдай кашка.
Энесин кулун эмет.
Эмген соң жалжылдаган,
Көздөрү таң калычтуу
Балдарды карай берет.

Акыры балдар тарап,
Жаткандай кулун үчүн
Кечкирди жылдыз күйүп.
Кендир жип чечилбестен,
Селкинчек бойдон калды,
Жарыгы айдын тийип.

Кеткен соң балдар андан,
Тепсем деп ойлогонбу,
Тынчы жок кулун жеке.
Көрүштү эртең менен,
Муунуп калгандыгын,
Асылып селкинчекке.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×