Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуЧүй району 28.01.2019 10:46 На русском

Тагдыр: 20 жыл адам өмүрүн сактаган Г.Коппаева 3 баласынан айрылып, уулунун ашы үчүн чет жакка иштөөгө жөнөдү

Гүлмира Коппаева, Чүй районунун тургуну
Гүлмира Коппаева, Чүй районунун тургуну

Turmush -  Гүлмира Коппаева Чүй районунун Шамшы айылында 1969-жылы төрөлгөн. Ал адам өмүрүн сактап, 20 жыл жандандыруу бөлүмүндө иштеди.

Жолдошу менен ажырашкандан кийин үч баласын чырактай кезинде шум ажалга карматкан эненин учурда Адеми аттуу жалгыз небереси бар. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаратканым өзүнүн сүйгөн пенделерин эрте алып кетет экен

- Адам барбы кайгырбаган, пенде барбы жыргап-куунабаган? Кандай арга кылат элем, жаратканым өзүнүн сүйгөн пенделерин эрте алып кетет экен. Аттиӊ десеӊ, бири тирүү болсо гана. Бирок азыр жалгыз неберем бар. Ушуга да шүгүр.

Балдарыбыз кичинекей кезинде эле жолдошум экөөбүз эки жолго түшкөнбүз. Тагдырдын башка салганы го, тагдырым оор болду. Кыйналдым, ыйладым, жок болуп, кайра бар болуп сыздадым. Бирок ичер сууӊ түгөнбөсө, адам баласы ар кандай кыйынчылыкты көтөрүп жашай берет экен. Мен үч баламдан теӊ айрылып калдым. Үчөөнү теӊ өз колум менен өстүрүп-чоӊойтуп, эрезеге жеткирип, анан шум ажалга карматып бердим. Алгач улуу кызым төрөттөн каза болду. Андан Адеми аттуу неберем бар. Күйөө балам экөө келип турат. Жолугуп турабыз. Неберемди жыттап, көргөндө кубанып, жыргап калам. Азыр ал 2-класста окуйт. Андан кийинки балам менингит оорусу менен 17 жашында каза болуп калды. Эми медер тутар кичүү улум калды. Ушунума кудайым өмүр берсин дедим. Бирок болбоду. Кичүү уулум Исламым, көкүрөк күчүгүм 4 операцияны көтөрө албай калды. 13 жашта эле. Жан дүйнөм жанчылды. Көктөгү асманым жерге кулап, тоо омкорулуп, көл ташыды. Бирок өзүмдү өзүм жеӊип, белимди бекем бууп, кайратка келдим. Жашоодо сынып калбай, башымды өйдө көтөрүп, турмуш деген деӊизде өзүмдүн кичинекей кемемди айдап жөнөдүм. Алдыда дагы толкуну бар күндөр болор. Бирок мемиреп тынчтыкта, жаркыраган асман алдындагы бактылуу көз ирмемдер көп болот. Неберем Адеминин жакшылыктарын көп көрөм, кудайым буюрса.

Медицина тармагында иштегениме 20 жыл болду

- Чүй райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө кенже кызматкер, кийин чарба башчысы болуп эмгектенип жүрдүм. Окуу жайды 1986-жылы бүткөм. 1987-жылы бухгалтердин окуусун окуп жатканда турмуш жолуна аттанып, аны бүтпөй калгам. Жолдошум менен ажырашып кеткенден кийин балдарды өзүм жалгыз багууга туура келди. Ошол себептен 1998-жылы Чүй райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө ишке киргем.

Айтор жашоодо баары болот экен

- Жашоодо кээде кайгырасыӊ, кээде ачууланасыӊ, кээде ошол күнкү окуяны кийин эстеп алып күлөсүӊ. Айтор жашоодо баары болот эмеспи. Ооруканада график менен иштейбиз. Майрам күндөрдө да иштеп калчумун. Кээде жумуш убактыӊ жаӊы жылга туш келип калат. Жаӊы жылды жумуштан, ооруканадан бейтаптар менен чогуу тособуз. Ошондо бир окуя эске келет. Кыш мезгили эле. Жаӊы жыл түнү болушу керек. Анысы так эсимде жок. Баарыбыз алагды болуп жатканда, бир бейтап шейшеп оронуп алып качып кетиптир. Мен анын качып кеткенин дароо сезип калдым да, артынан көчөнү көздөй чуркап, жолдун караӊгы бурчунан араӊ таап, кармап келгеним эч эстен кетпейт. Ошондо таӊкы саат 04:00 чамасы болуп калыптыр. Ошондо качып кеткен бейтапка аябай ачуум келсе, азыр эстегенде күлүп калам.

Менин сыймыктанган эмгектерим

- Кичинекей эмгек кылсам да мага маани берип, үзүрлүү эмгегимди баалап, бир топ сыйлыктарды ыйгарышты. Профсоюздун ардак баракчасына, акимиаттын ардак баракчасына, Чүй райондук аймактык ооруканасынын ардак баракчасына, Кыргызстан аялдар конгрессинин ардак баракчасына ээ болгом.

Бир туугандай болгон эмгек жамаатыма ыраазымын

- Эмгек жамаатта 19 адам бар. Баарыбыз ынтымактуу, бир командабыз. Бейтап түшсө бут-колдон алып, жандандырганга жардамыбызды беребиз. Ар ким өзүнүн жумушун так аткарышат. Бөлүмдүн башчысы Дүйшенов Нурлан Самарович жана улуу медайым Хилоу Халима Санхуровна менен 20 жылдан бери чогуу иштешип келдим. Жумушубуз оор. Антсе да, жетекчилерибиз менен чогуу адам өмүрүн сактап, алардын андан ары сакайып кетишине бар күчүбүздү жумшап келебиз. Мен эмгек жамаатыма абдан ыраазымын. Учурда жумушумду тапшырып, уулумдун ашына даярдануу үчүн чет өлкөгө эмгектенүүгө жөнөдүм. Буюрса аман болсок, мекениме кайра кайтып келем.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×