Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЫсык-Ата району 25.01.2019 17:15 На русском

Сүрөт — Ысык-Атада дарыянын жээгинен жансыз денеси табылган жигиттин өздүгү аныкталбай жатат

Turmush -  9-январда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барышкан. Бишкек—Торугарт унаа жолунун 33-чакырымында жолдон 700 метр аралыктан, Чу дарыясынын жээгинен азиат түспөлүндөгү, 30-35 жаштар чамасындагы адамдын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал сууга чөгүп каза болгон. Денесинен эч кандай күч колдонуунун белгилери байкалган эмес.

Өзгөчө белгилери: орто денелүү, боюнун узундугу 165-170 см.

Кийген кийимдери: кочкул көк түстөгү, 3 ак сызыгы жана «Адидас» жазуусу бар спорттук шым, «Пума» жазуусу бар кочкул көк түстөгү кофта, кызыл жакалуу, көк түстөгү футболка.

«Учурда маркумдун өздүгү аныкталбай жатат. Бул адам тууралуу маалыматы барлар 0312 616907, 0701 886295, 0707 257902 номурларына же "102" кызматына телефон чала алышат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×