Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЫсык-Ата району 24.01.2019 10:38 На русском

Видео, сүрөт — Ысык-Атада 3 бир туугандын үйлөрү бир күндө өрттөнүп, 15 баласы менен көчөдө калышты

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кеӊ-Булуӊ айылында үч бир туугандын үй-бүлөсү бир күндө үй-жайсыз калышты. Кырсык 2019-жылдын 18-январындагы шамал учурунда болгон. Ошол маалда кожоюндар жума намазга кетишкен.

Өрттөнгөн үйлөрдүн биринин ээси Вушанло Хамид аймактык кабарчыга билдиргендей, короодогу 2 үйдө 3 үй-бүлө жашап жаткан.

«Биз атабыздан калган үйдө жашачубуз. Ортодо сарайыбыз бар эле, ал дагы күйүп кетти. Сарайда бир уй, эки музоо бар болчу. Алар кошо өрттөнүптүр. Биз ошол маалда жума намазга кеткенбиз. Үйдө жалаӊ аял кишилер калган эле. Алар өрт чыкканда эч нерсе кыла албай калышыптыр», - деди жабырлануучу.

Өрттү өчүрүүгө Ысык-Ата райондук өрткө каршы кызматын чакырышкан. Бирок өрт шамалда тез жайылып, үйлөр тез убакытта толугу менен кыйрап калды. Учурда өрттүн себеби такталып жатат. Ал эми 3 үй-бүлө учурда 15 баласы менен кошунасынын үйүндө баш калкалап турушат. Балдарынын эӊ кенжеси 3 айлык.

Жабыркагандарга жардам берүүнү көздөгөндөр үчүн ЭЛСОМ номур: 0702 55 35 35.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×