Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 22.01.2019 09:37 На русском

Кылмыш иши козголгон Гавриловка айыл өкмөт башчысына көпчүлүк депутаттар ишенбестик көрсөттү

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылдык кеңешинин 27-чакырылышындагы депутаттарынын 17-январда өткөн кезектеги жыйынында Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Тагай Бакасовго ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынып, ага 21 депутаттын 15 депутаты макул деген добушун беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, жыйынга жалпы 21 депутат келип, 2 депутат добушка катышкан эмес. Ал эми 4 депутат так оюн билдирген эмес (каршы эмес же макул эмес).

«Өзүңүздөр билгендей, 2018-жылы Т.Бакасовго Сокулук райондук прокуратура тарабынан берилген сунуштамага ылайык кылмыш иши козголгон. Иши сотто каралып жатат. Ал иштери качан бүтөт белгисиз. Учурда Медер Чинарбекович башчынын милдетин убактылуу аткаруучу болгондуктан, аны эч ким толук кандуу айыл өкмөт башчысы катары көрбөй жатышат. Ошол себептен, депутаттар убакытты кетирбей, эл үчүн иштегени келгендиктен, иштей турган бирөөнү шайлоо аркылуу бекители дагы андан ары иштейли деген ойлорун билдиришти», - деп айтышты айыл өкмөттөн.

Ошондой эле айыл өкмөттөн Сокулук районунун мурдагы акими Болот Саткеев Тагай Бакасовду жумуштан алуу боюнча буйругун азыркы аким Таалайбек Корголдоев жокко чыгарып, аны кайра ордуна койгондугун кошумчалашты.

«Азыр иштеп жаткан акимибиз мурунку акимдин буйругун жокко чыгарып, Бакасовду кызмат ордуна кайра отургузуу боюнча жаӊы чечим кабыл алган. Бирок, Бакасовдун иши сотто каралып жаткандыгына байланыштуу соттун чечими чыгып, ал күчүнө киргенге чейин Бакасов убактылуу кызматынан чектетилген. болчу. Демек Бакасов бүгүнкү күндө юридикалык жактан караганда Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы болот. Медербек Чинарбеков башчынын милдетин убактылуу аткарып жатат», - деп билдиришти.

Тагай Бакасовго ишеним көрсөтпөө боюнча жашыруун добуш жүрүп, эсептөөнүн жыйынтыгында 15 депутат ишеним көрсөтпөөгө макулдугун беришкен. Көпчүлүк депутаттардын добушу менен Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Бакасов Тагайбек Самаркановичке ишенбестик жарыяланып, токтомдун бир даанасы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына жөнөтүлгөн.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Таалайбек Корголдоев: «Чүй облустук прокуратурасынан Бакасовду кызмат ордуна кайра отургузуу жана соттун чечимине чейин аны кызматынан убактылуу бошотуу керек деген сунуш келген. Эми соттун чечимин күтүшөт. Ал эми ишеним көрсөтпөө боюнча чечимди тиешелүү адистердин, ТИКтин текшерүүсүнөн кийин өз пикирибизди билдиребиз», - деди.

Учурда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин 27 жаштагы Чынарбеков Медербек Чынарбекович аткарып жатат.

Буга чейин Turmush басылмасы Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасовго райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Кийинчерээк Сокулук районунун прокурору Марат Бусурманкулов Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иш козголгонун тастыктаган. Прокуратура Гавриловка айылдык кеңешинин төрайымы А.Жанышбекованын жана айылдык кеңештин жамааттык кайрылуусу боюнча текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренесинин (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) негизинде кылмыш иш козголгон. Мындан тышкары, «Ж» ЖЧКнын директору И.М.га Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иш козголду.

«Иш облустук прокуратурага жөнөтүлгөн. Алар УКМК же финансы полициясына өткөрүп берет. Бул иш ошол жактан чечилет. Ал мектептин оңдоп-түзөө иштеринине зыян келтиргени аныкталган», - деди прокурор.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасов менен байланышканда ал күнөөсүз экенин, чоң саясий оюн жүрүп жатканын белгилеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×