Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЧүй району 21.01.2019 14:35 На русском

Өз апасынан токмок жеп, ооруканага түшкөн 4 жаштагы бөбөктү балдар үйүнө өткөрүү чечими кабыл алынды

Turmush -  Чүйдө өз апасынан токмок жеп, начар шартта багылып жаткан 4 жаштагы бала боюнча ишти райондук комиссия карап чыгып, аны балдар үйүнө өткөрүү чечимин кабыл алышты.

Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, баланын мындай шартта багылып жатканын алар жүргүзгөн рейддин негизинде байкашкан.

«Балдардын зордук-зомбулукка кабылуусун алдын алуу максатында райондун бардык айылдарында социалдык кызматкерлер жана укук коргоо органдары, дарыгерлер менен биргеликте рейд жүргүзүлүп жаткан.

Рейддин алкагында 11-январь күнү Искра айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылындагы бир үй-бүлөнүн жашоо шарты текшерилип, үйдүн ичинде оор шартта тарбияланган 4 жашар баланы көрдүк. Ошондон улам аны медициналык кароодон өткөргөнүбүздө анын денесинен тактар бар экени аныкталган. Үй-бүлөдө таенеси, апасы жана бала болуп үчөө жашайт экен. Апасы жана тенеси Тоӊ районунда акыл-эсинен жабыркаганы боюнча каттоодо экен. Учурда райондук комиссия баланы балдар үйүнө жайгаштыруу маселесин карап жатат» - деп билдиришти акимиаттан.

Рейд учурундагы сүрөттөр

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×