Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуМосква району 21.01.2019 09:40

Көктөн түшкөн «кутту» ооз тийген адамдын тукуму чоң кызматтарда... Аксакалдардын аңгемеси

Turmush -  Москва районунун борбору Беловодск айылындагы эс алуу паркында жергиликтүү аксакалдар байма-бай жолугушуп, шахмат ойноо менен бирге атуулдук парз, руханий баалуулук, кут жөнүндө аңгеме-дүкөн курушат. Кээде коомдук оң-терс жагдайларды талкуулашып, бирин-бири сүрө сүйлөшүп, карылык доордун, аксакалдык алтын курактын кубанычтуу күндөрүн өткөрүшөт. Алардын нускалуу сөздөрү, турмуштук бай тажрыйбасынан бал тамган ойлору менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш курактары ар түрдүү, бирок көз караштары төп келген ондон ашуун аксакалдардын эс алуу паркы – сүйүктүү жайына айланган. Бирин-бири жоктошуп, кечиксе телефон чалышып, жумушка келгендей заматта топтоло калышат. Отургучтарга шахмат доскасын жая салышып, улуулата оюн кумарына батышат. Ортодо олуттуу деле байге жок. Болгону эс алуу, баарлашуу, көргөн-билгенин ортого салуу. Өздөрү тамашалап, «Аксакалдардын ток-шоусу», «Карыялар сессиясы» дешкендей чер жазуу, убакыт өткөрүү.

Догдурбек, Абдулхак, Рысбек, Турусбек, Сарыбай жана башка аксакалдардын эң улуусу 83 жаштагы Турсунбек ата. Ал келгенде баары ордуларынан туруп, кош колдоп саламдашып, төргө отургузушат. Ардактуу эс алууда жүргөндөрдүн көпчүлүгү жогорку билимдүү. Арасында акындар, спортчулар, дастанчылар да бар. Бул күнкү шахмат таймашында «кут» деген сөздүн этимологиясы, келип чыгышы жана мааниси тууралуу талкуу жанданды.

70 жаштагы Догдурбек Мамытов: «Кут деген сөз дайыма жакшы сезимдерди жаратат. Мисалы, кутман таң, кутмандуу күнүңүздөр менен, куттуктайм жана башка. Ал эми адам аттарына да ыйгарылат. Кутман, Куткелди, Куттубек, Кутайым жана башка. Мен Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылынан болом. Атам Мамыт кут түшкөнүн көргөн экен. Анын айтымында, боз үйдүн ичинде бир топ адамдар тогуз коргоол ойноп отурушкан. Бир убакта боз үйдүн түндүгүнөн булуттай түрүлгөн, көлөмү топтой болгон аппак бир нерсе ортого түшөт. Бейкапар отурушкандар таң кала карашат. Арасынан кимдир бирөө бир бөлүгүн кочуштап оозуна салып жиберет. Атын айтпай эле коёюн. Ошол адамдын тукуму тез эле мартабалуу кызматтарга көтөрүлүп, бардар жашоого жетишишкен. Ал эми түндүктөн түшкөн кебездей аппак кубулуштун калган бөлүгү заматта боз үйдүн ичине тарап кеткен экен. Атам ушинтип айткан. Өз көзү менен көргөн», - деди.

Шахмат оюнун саамга токтотушкан аксакалдар «Ошол кут болот. Кут түштү дешкен байыркылар. Ал өзгөчө касиетке ээ. Аны аппак материал менен аздектеп тосуп алганда болмок. Билбей калышкан тура, атаганат» дешип жарыша сөз козгошот.

Кеп коломтосу кызый түшкөндө 62 жаштагы Рысбек Акматов Нарын жергесинде болгон окуяны айтып, баарын таң калтырды.

«Туура. Кут өтө сыйкырдуу күчкө, өзгөчө мамилеге, бөтөнчө касиетке ээ. Силер уктуңар беле? Асмандан 40 буттуу кочкор түшкөнүн... Мен Нарын жергесинен болом. Апам Эрке, азыр 80 жашта. Мага бул окуянын чоо-жайын айтып берген. Ал мындайча болгон экен. Тээ илгери-илгери...», - деди ал.

«Ой, Рысбек, кайдагы жомокту айтып башты оорутасың да. Андан көрө шахматты ойнойлу. Уламышпы, дастанбы, мифпи, жомокпу бир нерселерди айтып башты ооруттуңар», - деп Турусбек аксакал анын аңгемесине бөгөт коюуга ашыгат.

«Сен укпай эле кой, Турусбек! Бул болгон окуя. Болгондо да Нарындагы биздин Кара-Кужур айылында... Апамдын айтымында, 5-6 муун илгерки чоң атабыз Кутандын байбичеси уктап жатканда асмандан жамгыр эмес кой жаап жатканын көрүп чочуп ойгонот. Ошол топ койлордун арасынан 40 буттуу кочкордун жерге түшкөнүн көрөт. Аны дароо кармап калат. Ал эми самсаалап түшүп келе жаткан койлор заматта жоголот. 40 буттуу кочкорду союшуп, айылдагылар түлөө өткөрүшкөн экен. Болжол менен 200-300 жылдай илгери болгон окуя, аксакалдар. Учурда айылдашыбыз М. аттуу адамдын үйүндө кар жана жото жилиги чириге (уйдун териси) салынып, тигилип сакталып турат. Жамандык болгондо, кокустук кездешкенде ага сыйынышат экен», - деди Рысбек аксакал.

Учу жок ойлорго бөлөнгөн карыялар шахмат оюнун улашып, «мына сага, “шах и мат” дешип каткырып күлүп калышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×