Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуПанфилов району 19.01.2019 15:11 На русском

Апасы Россияда иштеп жүргөн: 2 жаштагы наристенин өлүмүнө шектүү аял камакка алынды

Turmush -  Бишкектеги ооруканада каза болгон 2 жаштагы наристенин өлүмүнө шектелип жаткан аял камакка алынды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине бүгүн, 19-январда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин өткөн жылдын 28-ноябрында Панфилов РИИБге Панфилов аймактык ооруканасына 2 жаштагы Х.О. эс-учун жоготкон абалда түшкөнү маалымдалган. 2016-жылы төрөлгөн Х.О.нун денесинде көптөгөн жаракаттар болгон.

Ооруканага барган ыкчам тергөө тобу Панфилов районунун Кайыңды айылынын 32 жаштагы тургуну Э.С.ны суракка алган. Каза болгон наристе акыркы учурларда Э.С. менен жашап жаткан. Сурак учурунда наристенин апасы 42 жаштагы Х.Р. экени аныкталган. Ал Россияга иштегени кетип жатканда баласын Э.С.га табыштап кеткен.

32 жаштагы Э.С.нын айтымында, күйөөсү менен ажырашкан, учурда жашы жете элек 3 баласын тарбиялап жатат. Алар 2017-жылдан бери Кайыңды айылындагы туугандарынын үйүндө жашап жатышкан. Ал эми буга чейин Кызыл-Кыяда жашап, каза болгон наристенин апасы менен ошол жерден таанышышкан.

Өткөн жылдын ноябрь айында маркум наристенин апасы Россияга кетип, баласын таанышы Э.С.га таштап кеткен. Анын айтымында, бала бир нече күн мурун эки кабаттуу керебеттен кулап кетип, жаракат алган. Ал эс-учун жоготуп, Э.С. туугандарын чакырып, ооруканага жеткиришкен. Баланын апасы окуя тууралуу билгенден кийин Кыргызстанга кайтып келген. Наристенин абалы оорлоп, алгач Бишкектеги балдар ооруканасына, андан кийин Бала жана энени коргоо улуттук борборуна которулуп, жардам көрсөтүлгөн. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай, 6-декабрь күнү саат 06:30 наристе өзүнө келбей каза болгон.

Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык, ошондой эле Э.С.га да комплекстүү психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалган. Ал эми Панфилов РИИБ Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иш козгогон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, наристе денесинен алган жаракаттан улам каза болгону аныкталды.

Козголгон кылмыш иштин алкагында 1989-жылы туулган Э.С. убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×