Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуЧүй району 19.01.2019 12:50 Жаңыланды: 19.01.2019 13:32 На русском

4 жаштагы бала сабалып, ооруканага түштү: Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Turmush -  Чүй райондук ооруканага жараат алып түшкөн 4 жаштагы баланын иши боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, баланын мындай абалы рейд учурунда аныкталган.

«2019-жылдын 11-январь күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен райондун аймагында алдын алуу рейд иш-чарасын өткөрүшкөн. Аталган иш-чаранын максаты — өспүрүмдөр арасындагы тартип бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана оор шарттарда жашаган жаш өспүрүмдөрдү аныктоо. Рейд учурунда жаш өспүрүмдөр жашаган аз камсыз үй-бүлөлөр текшерилип, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Иш-чарада Чүй районунун Кара-Дөбө айылында бир үй-бүлөдө денесине жаракат алган 2015-жылы туулган Ж.Б. аттуу бала аныкталып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда наристе медициналык жардам алууда.

Териштирүү учурунда өспүрүм бала 31 жаштагы апасы Ж.А. жана 55 жаштагы таенеси М.Г. менен жашагандыгы белгилүү болду. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясына жөнөтүлгөн.

Баланын энеси жана таенеси медициналык мекемелердин биринде каттоодо турат деген маалымат тергөө кызматы тарабынан текшерилүүдө. Бул окуя Чүй районунун ИИБдин кылмыштарды жана жоруктарды катоо боюнча бирдиктүү реестрине катталган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, баланын мындай шартта багылып жатканын алар жүргүзүп жаткан рейддин негизинде байкашкан.

«Балдардын зордук-зомбулукка кабылуусун алдын алуу максатында райондун баардык айылдарында социалдык кызматкерлер жана укук коргоо органдары, дарыгерлер менен биргеликте рейд жүргүзүлүп жаткан.

Рейддин алкагында 11-январь күнү Искра айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылындагы бир үй-бүлөнүн жашоо-шарты текшерилип, үйдүн ичинде оор шартта тарбияланган 4 жашар баланы көрдүк. Ошондон улам аны медициналык кароодон өткөргөнүбүздө, анын денесинен тактар бар экени аныкталган. Үй-бүлөдө таенеси, апасы жана бала болуп үчөө жашайт экен. Апасы жана тенеси Тоӊ районунда акыл-эсинен жабыркаганы боюнча катталуу экен. Учурда райондук комиссия баланы жайгаштыруу маселесин карап жатат» - деп билдиришти акимиаттан.

Ал эми айыл тургундарынын айтымында, баланы алып кетебиз деп барган социалдык кызматкерлерди апасы бычак менен коркуткан.

«Баланы алып кетебиз деп милиция кызматкерлери, социалдык кызматкерлер барганда апасы колуна бычак алып, кол салууга аракет кылган. Баланы алып кеткенден кийин дагы айыл өкмөттү жана айыл аймактагы соц кызматкерлерди «баламды бергиле» деп коркутуп жатыптыр. Айыл өкмөт башчынын үйүнө таш ыргытып, өрттөп кетем деп да коркуткан экен» - дешти айыл тургундары.

Буга чейин Чүй райондук ооруканага өз апасы тарабынан токмоктолгон 4 жаштагы бала түшкөнү маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×