Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЖайыл району 19.01.2019 12:27 Жаңыланды: 19.01.2019 18:02 На русском

Тагдыр: 37 жаштагы Жылдыздын күйөөсү улуу баласынын оорулуу экенин билген соң үй-бүлөсүн таштап кеткен (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Арык айылынын 37 жаштагы тургуну Жылдыз Түлеева 10 жаштагы уулу Нурали Түлеевдин оорусу менен жалгыз күрөшүп келет.

Өзүнүн айтымында, Нурали 4 жашынан бери ооруйт.

«Дарыгерлер эпилепсия деген диагноз коюшкан, бирок бул оору эпилепсияга окшошпойт. Уулумду операция жолу менен төрөгөм, дени сак болчу. 3,5 жашка чейин жакшынакай эле жүрдү. Андан кийин приступ болуп, оозунун тегереги, бетине чейин көгөрүп баштады. Алгач райондук ооруканага жаткырдык, андан кийин Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борборуна бардык. Башын томографияга текшертсек, баардыгы таза чыкты. Бирок, оорусу ошол бойдон. Учурда акыл-эси жок, дааратканага барарын айтпагандыктан күнү-түнү памперс колдонобуз. Жакшы сүйлөй албайт, ошондуктан өзүм болжолдоп тамак берип турам, өзү жей албайт. Ооруканага дайыма жатып, дарыланып турабыз. Приступ болгон күндөрү өзү басат, ал эми тарамышы тартышып, карышып калганда баспай жатып калат, көтөрүүгө туура келет», - дейт Ж.Түлеева.

Ал белгилегендей, анын Нуралиден башка 5 жаштагы кичүү уулу бар.

«Экинчи уулумдун дени сак. Мен дайыма Нуралинин жанында болуп, ооруканаларга көрсөтүп жүргөндүктөн, кичүү улум учурда айылда апамдын колунда. Күйөөм «баланы сен ооруттуң» деп күнөөлөп, уулум ооруп баштаганда эле таштап кеткен. Эч кандай жардам бербейт, убагында никебизди каттатпагандыктан алимент да ала албай калдым. Учурда «Ассалам» фонду салган үйдө жашап жатабыз, айыл өкмөт үй менчикке эмес, убактылуу гана берилгенин айтууда. Үйдү бошотууга да туура келүүдө. Үйдө шарт жок болгондуктан балам менен жашаш кыйын болууда. Эч жерде иштей албагандыктан, баламдын пенсиясына жашап келебиз.

Жакында эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан энелерге акча төлөнөрүн угуп, Жайыл районундагы социалдык бөлүмүнө барсам «балаңдын диагнозу дал келбейт» деп узатып коюшту. Азыр кайрымдуу адамдардан жардам суроого аргасызмын. Баламды айыктырып алсам деген үмүтүм чоң», - деди ал.

Жардам берүүнү каалаган жарандар 0707 616 217 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×