Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЧүй району 18.01.2019 23:29 На русском

«Бутун байлап койгон»: 4 жаштагы бала өз апасынан токмок жеп, ооруканага түштү

Turmush -  12-январь күнү 4 жаштагы Ж.Б. аттуу бала өз апасынан ур-токмок жеп, Чүй райондук аймактык ооруканага жеткирилген. Бул боюнча аймактык кабарчыга Чүй районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну билдирди.

Анын айтымында, баланын мындай абалы милиция кызматкерлери рейд жүргүзгөн учурда билинген.

«Апасы 1987-жылы туулган А.Ж. Ысык-Көл облусунда акыл эсинен ооругандыгы боюнча каттоодо турат. Ал баласын көчөгө чыкпашы үчүн, бутунан байлап ур-токмокко алган. Алар учурда Кара-Дөбө айылында жашашат. Баланын атасы жок. Анын мындай абалда экенин РИИБдин кызматкерлери рейд жүргүзгөн кезде билинген» - деди ал.

Кийинчерээк Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалганын маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×