Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуЫсык-Ата району 25.01.2019 14:35

Айыл турмушу: Мугалим Бууажар Койлубаеванын окуучусу козу карынды «внутренность барана» деп, боорун эзген

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын тургуну, мугалим Бууажар Койлубаева офицер мырзага турмушка чыгып, бир кыз, эки уулдун апасы болду. Ал өзүнүн сүйүктүү кесиби менен 12 жылдан бери талыкпай эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Окуялар көп эле болот. Көбүнчөсү дептер текшерип отурганда күлкүңдү келтирген тексттер болот. Бир окуучум козу карын деген сөздү "внутренность барана" деп которуп, боорум эзилгенче күлгөм», - деди ал.

Бууажар Койлубаева төрөлгөн айылдын аталышы дагы өзгөчө. Ал Лейлек районуна караштуу Айбике айылында 1974-жылы жарык дүйнөгө келген.

«1992-жылы Айбике айылындагы Маданият орто мектебин аяктадым. 2011-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, кыргыз тилчи адистигине ээ болгом.

Билим берүү тармагында 12 жыл иштедим. Акыркы 7 жылдан бери Кант шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенүүдөмүн. Мектепте иштегенге чейин Кант шаарындагы бала бакчада үч жарым жыл эмгектендим. Андан кийин бир жыл Жээк айылындагы мектепте директордун тарбиялык иштери боюнча орун басары болуп да иштеп калдым», - деди ал.

Ардактуу мугалим кичинекей кезинде эле аталган кесипти тандаган.

«Мен бала кезимден "чоңойгондо мугалим болом" деген максатты койгом. Албетте, мугалимдик кесипти аркалоо эң оор. Өз жамаатыңдан тышкары, ар бир окуучу менен тил табышып, алардын жан дүйнөсүн түшүнүү ар бир эле инсандын колунан келчү иш эмес деп ойлойм. Өсүп келе жаткан жаш муундарга билим жана тарбия берүүдө өз милдетимди чын дилим менен аткарууга тырышам. Азыр адамдардын баары "ким" дегенде эле, "мугалим күнөөлүү" дегени көп өкүндүрөт... Дагы бир көйгөй. Ошол эле мамлекеттик тилди үйрөтүүдө мамлекеттин да, ата-энелердин да жоопкерчиликсиз мамилеси байкалат. Кыйынчылыктар менен кошо көңүл кубандырган көз ирмемдер да жок эмес. Айта кетсем, быйылкы окуу жылында Кант шаарынын мэринин колунан ыраазычылык кат алдым. Албетте, толкундандым», - деди ал.

Мугалим үй-бүлөлүү, үч баланын апасы.

«Жолдошум Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн аскердик бөлүгүнүн офицери. 23 жылдан бери Кант шаарында жашайбыз.

Атымды ата-энем чоң апамдын атынан коюптур. Мааниси ажарлуу деген сөзгө жакын чечмеленет.

Жолдошум менен бир класста окугам. Ал аскер адамы болгон үчүн, мен кайненемдер менен болгону 4 ай эле жашап, Кантка көчүп келгенбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×