Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 13.03.2019 18:05

Айыл турмушу: Куткаруучу М.Нурбеков жалындап күйгөн үйдөн чоң энени алып чыкканын унутпайт (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылынын 26 жаштагы тургуну Мирбек Нурбеков аскерден келгенден кийин эле өрт өчүрүү кызматына барган. Ал күйүп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн төртүнчү кабатынан карыган кемпирди жонуна көтөрүп чыгып, аман алып калганын эч унутпайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Албетте биздин жумуш ары татаал, ары түйшүктүү. Ар кандай окуяларга көп туш болобуз. Азыр ойлонсом, мындан эки жыл мурун бир апаны өрттөн куткарып калганым эсиме түштү. Кант шаарында төрт кабаттуу үй күйүп, бизге чакыруу түштү. Барсак, кара түтүн болуп, ар кайсы жеринен от жалындап күйүп жаткан экен. Бөлмөлөрдүн биринде кемпир калып калды деп айтышты. Биз дароо эч нерсени ойлонбостон кемпирди куткарууга жөнөп калдык. Алгач тепкич менен балконго, андан кийин үйгө кирдим. Анткени эшигинен кирүү кооптуу болчу. Ал апа коркуп жаткан экен. Жакшы да баса албайт. Аны жонума көтөрүп, сыртка алып чыккам. Апа мени жылуу карап, көздөрү менен ыраазычылыгын билдирип, бир нерсе деди. Жакын барсам, алкыш айтып жатыптыр», - деди ал.

Куткаруучу 2000-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы орто мектебинде окуп, 2004-жылы Бишкек шаарындагы №58 орто мектебине которулган.

«11-классты 2011-жылы аяктап, жогорку окуу жайга барбастан, Ата Мекен алдында өз милдетимди өтөп келгим келди. Ошентип аскерге кабыл алындым. 2012-жылы ал жерден келип, Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы өрткө каршы кызматтын №27 бөлүгүнө жумушка кирип, ушул күнгө чейин талыкпай эмгектенип жатам. Ар кандай кырсыкка кабылган жарандарга жардам берип турсаӊ, бул эӊ сонун жумуш деп билем. А, бирок кызмат учурунда чакыруу түшкөн жерге бара жатканда автоунаалар жол бербесе, бул аябай кыжырга тиет.

Бардык кырсыктын келип чыгышына адамдар өзүбүз күнөөлүүбүз. Унааны жол эрежесин бузуп айдайбыз же үйдө электр буюмдарын туура колдонбойбуз», - деди ал.

Мирбек Нурбеков үй-бүлөлүү, жубайы экөө эки кызды татыктуу тарбиялап жатышат.

«Улуу кызым Сауле Мирбековна 2015-жылы төрөлсө, кичүү кызым Салия 2017-жылы жарык дүйнөгө келген. Келинчегим экөөбүз кыздарыбызга татыктуу тарбия берип, жаркын келечектерин түзүп берүүгө аракет кылып келебиз.

Бош убактымда үй-бүлөмө көӊүл буруп, кыздарым менен алек болом. Мындан тышкары футболго көп барам.

Эмгегиӊ бир аз бааланса сүйүнөсүң. Чүй облусунун 90 жылдыгына карата медаль алганда толкундангам. Андан кийин Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин ардак грамотасы менен да сыйлангам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×